Саякбай Каралаевдин көргөзмөсү ачылды

1385

fcff6b6ba8d9048d3958a8448cc5e13d

XX кылымдын Гомери аталган биздин улуу манасчыбыз Саякбай Каралаевдын 120 жылдыгына карата Талас облусунун Бакай-Ата айылында ар кандай иш-чаралар уюштурулууда. 1935-жылдан тарта Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосунун жазуу иши башталып 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, «Семетей», Сейтек», «Манас» эпосунун жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн.  Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» эки эсе чоң.

 Азыркы учурда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун борбордук китепканасында көргөзмө ачылууда», — деди китепкананын усулчусу Бүркүтбаева Гүлзат.

20141118_135345
Улууну жолдоп кичуу өсөт дегендей, жаш манасчы үчүнчү класстын окуучусу Улан уулу Сыймык манаска кызыгып сынактарга катышууда.

20141118_142048

Сүрөттө Улан уулу Сыймык

Даярдаган:  Орозалиева Айпери