Эки элдин достугуна данакер болгон бала бакча

680

Алыскы Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында учурда “Байчечекей” балдар бакчасы үзүрлүү иштеп, жаш бөбөктөрдү тарбиялоо менен бирге айылда жашаган эки элдин, тагыраак айтканда, кыргыз жана тажик элдеринин эзелки достугун бекемдеп, эки улуттун жаш бөбөктөрүн тең тарбиялоодо.

Аталган балдар бакчасында азыркы убакта тажик улутундагы кичинекей балдар кыргызча сүйлөшүп, ар кандай ырларды жатка айтышат, ал тургай “Манас” эпосунан узүндүлөрдү айтышып, бизди өз өнөрлөрү менен таң калтырышты.

“Байчечекей” балдар бакчасында 13 кызматкер бөбөктөргө татыктуу тарбия берип, келечек муундарга достуктун, ынтымактын үрөнүн себүүдө. Бакчада тарбияланган балдарды эки топко бөлуп карашат. Кичине топ  жана жогорку топтор бар. Алардын арасында жашы боюнча айырмаланган кичинекей балдарды дагы кароого шарт түзүлгөн.

Даярдаган: Абдырахман кызы Айдана