Бакай-Атада суу топтоочу жайдын көлөмү жетишсиз

921

20140929_162816

Бакай-Ата айылына караштуу Бөлтөк массивиндеги суу топтоочу жайды тазалап кеңейтүү керек дешет тургундар. Көлдүн көлөмү кичинекей болгондуктан улам дыйкандардын алган түшүмү эки жылдан бери гектарына он центнерден кем болууда.

Бул тууралу Бекболсун Кушубаков төмөндөгүлөрдү айтты.

— 2014-жылы ушул көл дыйкандарга эң көйгөйлүү маселе жаратып калды. Себеби суунун көлөмү өтө аз болуп жатат. Андан соң суу көлгө батпай жатат. Мындан дагы 30-40 метрге кеңейтпесек, дыйкандарга өтө чоң көйгөйдү жаратып калат.

20140929_164642

Суу топтоочу жайга эмне себептен суу батпай жатканын билүү үчүн Бөлтөк массивинин мурабы Мирбек Мамбеталиевге кайрылдык.

Анын билдиришинче, көл кичинекей болгондуктан, суу батпай, ал суу жолго агып чыгып турган.

«Көлгө ылай толуп калган. Бүт ичин тазалаш керек. Быйыл абдан кыйын болду, суу түшкө чейин эле жетет. Көлдүн чекесин бери жакка 30-40 метр кеңейтиш керек, анан кийин гана көл жакшы толуп, дыйкандарга жетмек. Быйыл кургакчыл болуп, түшүм да абдан аз болду. Бул жактан  суу жолго каптады, өкмөт бизге дагы карап көмөк көрсөтүп койсо жакшы болмок эле», — деген оюн айтты Мамбеталиев Мирбек.

Мирбек мырза кошумчалагандай, бул аймакта дыйкандардын 400 гектардай эгин талаасы бар.  «Ошол жакка суу жеткизе албай жатабыз. Суу түшкү саат он эки же бирге чейин эле болот, андан кийин көлдөгү суу түгөнөт», — деди мурап Мамбеталиев.

Даярдаган: Асан Акмолдо уулу