Конорчок айылында балык өстүрүү колго алынууда

739

Конорчок айыл аймагында райондо биринчилерден болуп балык өстүрүү  жакшы жолго коюлууда.  Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын негизинде  ишке ашкан балык чарбасына  алгач   Ысык-Көлдун  Георгиевка   айылынан  600, андан кийин Чүй облусундагы Беш-Күңгөй айылынан  4000 даана  балык алынып  келинип  өстүрүлүүдө.  Балыктар атайын   булактын  муздак  суусунан жасалган  чакан эки көлмөдө багылууда.  “Бир күндө эки маал жем берилет. Голландиядан, Кытайдан    жана Германиядан  алынып келинген  гранул жемин  беребиз.   Бул форелль балыгын биздин райондун бардык айылында өстүрсө болот, анткени  булактын  суусуна  багылат. Акырындап  балык чарбасын  элге  жайылтабыз”-  дейт  балык өстүрүүчү Т.Боталиев.

20140929_12085320140929_120705

 Даярдаган:   Б. Мамытбекова
jogo de casino