Бакай–Ата айылынын “Мичурини” Андаш

891

20141011_144137

Биолог Мичуриндин жолун жолдоп, алманын жаңы сортторун кыйыштыруу жол менен аракеттенип Бакай-Ата айылынын тургуну Андаш Мамбеталиев кийинки учурларда белгилүү болууда. Анын көп жылдык эмгек үзүрү — бул азыр алмадан сапаттууу түшүм алып жаткандыгында.

Алсак бир эле түп алма жыгачынан “Превосходный красный» жана «Буфлёр”, “Кондель” түшүмдөрү жыйналууда жана жыл сайын түшүмдүүлүгү жогорулоодо.

“Жыйналган түшүм Казакстандагы Байконур, Караганда шаарларына жана Орусиянын Омск, Томск, Новосибирск шаарларына жөнөтүлөт”, — дейт Андаш Мамбеталиев.

“Мен алма кыйыштырганды 16 жашыман баштап үйрөнгөм. Иван Яковливич Паульс деген немис кошунабыздан үйрөнгөм. Менин оюмча, алма эң пайдалуу нерсе, адамдардын ден-соолугуна дагы жакшы. Алмада темир заты бар. Темир болсо адамдын организми үчүн эң керектүү нерсе» Андаш Мамбеталиев.

«Экинчиден, бул  үй-булөөгө киреше. Жылына биз  эки тоннага жакын  алма алабыз. Ошол эки тоннанын акчасын үй-бүлөөбүздүн ар кандай каражаттарына жумшайбыз”, — деп кошумчалады ал.

Андаш байкенин кошунасы Керимкул Байбеков айтымында, Андаш баба дыйкан менен да, жалан багбанчы менен иштешет.

«Бул кишиден  үлгү алыш керек. Мен бул жерге көчүп келгениме он жыл болду. Мени ушу киши дайыма алма тик деп жолго салган. Болбосо мен дайыма беде кылып жүрчүмүн. Ушу кишинин атынан 200 түпкө жакын алма тигип койдум. Кудай буюруса асты биринчисин алды. Азыр болсо алманын  каражатына эки машина алдык.Там сатып алганбыз, бала- чакабыздын окуусуна контракт  төгуп жатабыз. Кудайга шүгүр”, — деп билдирди Керимкулов.

Даярдагандар:  Марс кызы Асель,  Орозалиева Айпери.