Өлкөбүздө төрт жамаатык радио техникалык жабдуулар менен камсыз болду

1010

20141011_174612

Калкты маалымат менен камсыз кылуу максатында заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган төрт мадиа борбор ачылуу алдында. Ошонун негизинде Kloop media борборунун адистери жамааттык радиолордун өкүлдөрүнө тренинг өткөрүүдө.

Бишкек шаарындагы Клооп медиа коомдук фондунун кеңсесинде аймактардан чакырылган жамааттык радионун өкүлдөрүнө заманбап техникаларды колдонуу жолдору окутуп үйрөтүлдү.

Компютер, смартфон, диктофондорду колдонуу менен тренинг абдан кызыктуу жана жогорку деңгеелде өткөрүлдү.

20141011_174658

“Ооба бул жабдуулар жаны технология боюнча, эн акыркы үлгүдөгү деп айта албайм бирок учурдун талабынын баарына жооп берет”, — дейт Талас шаарындагы Радиомост коомдук бирикмесинен келген техник Самат Арабеков.

Тренингке ар кайсы региондордон келген жамааттык радиолор өз ой пикирлерин тартынбастан кенири билдирип жатышты.

Өзгөчө Сүлүктүдөн келген “Кожой-Серек коомдук бирикмесинин жетекчиси Б.Сапаркулов семинардын жүрүшүндө өзүнүн активдүүлүгун көрсөттү.

20141011_175109

Тренингдин негизги максаты жамааттык радиолордун билим деңгеелин,жөндөмүн жогорулатуу менен элге жеткиликтүү маалымат берүүнү жакшыртуу.

“[…] Буга чейин тренингдер болуп келген. Биз негизинен жер-жерлерде жаштарды окутканбыз. Негизги максатыбыз – аймактардагы жергиликтүү радиолордун кызматкерлерин агартууга көмөктөшүү, билим берүү”, — деп билдирди Клооптун кыргыз кызматынын редактору Элмурат Аширалиев.

Даярдагандар: Алмаз Өмүров, Жумабек Касымов