Тасмада Акшоола жамааты түрдүү кийиз буюмдарын жасайт

1309

image

Тасма айыл аймагында Ак шоола жамааты кийизден түрдүү буюмдарды жасайт. Мисалы сумка, чокой, моюн орогуч, баш кийимдерди жасап келишет.

Жамаатын жетекчиси Байботоева Гүлжамал мындай дейт.

— Ак шоола жамааты  2003-жылы уюшулган Ырысалиева Урумкан эженин эмгеги жана айыл өкмөттүн колдоосу менен уюшулганбыз. Негизинен биз жүндү кайра иштетүүчү цех болуп эсептелебиз. Айылда койдун меринос жүндөрүн сатып алып ак, кара, боз түстөгү жүндөрүн сатып алып, ошолорду иштетип чыгарабыз. Негизин элге керектүү буюмдарды ала кийиз, кийиз өтүк, кичинекей балдардын жылуу бут кийимдерин өндүрөбүз.

image

Кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер ?

— Биз 2009-жылы эл аралык көргөзмөгө катышып алтын медал алганга жетишкенбиз. Андан сырткары табийгый боёкторду боёгонду, жүндү уютуу ыкмаларын түрүн өздөштүрдүк. Кыз келиндерди окутууга жана үйрөтүүгө өзүбүздүн эмгек тажрыйбабыз жарайт.

Келечекте кандай пландарынар бар?

— Келечекте айыл жериндеги кыз-келиндердин жумушсуздугун жоюу жана социалдык-экономикалык жактан камсыз кылуу деген иш максаттарыбыз бар.

Акшоола жамаатында эмгектенген ишкер айым Жаркынбаева Бурул   төмөнкүлөрдү билдирди:

-Бул жерде иштегениме 10 жыл болду, ушул  жамааттын мүчөсүмүн. Бул жерде иштегенден бери жакшы эле ийгиликтер көп болуп атат, көптөгөн окуу, семинар, тренингдерге барып көп нерсени үйрөндүк, жумуштун аркасы менен үй бүлөмдү багып, балдарды окутуп жатам.

Айыл тургуну Касымов Марат бул жамааттын буюмдарын ардайым колдонуп келет. Өзгөчө кийиз чокойлордун сапатына баа берет.

«Ушул жамаатка жакын жашайм Акшоола жамаатынын уюшканына 10 жылдан ашты. 10 жылдан бери эки үч ирээт кийиз өтүктөрүн жана башка буюмдарын колдонуп жүрөбүз. Булардыкы жылдан-жылга жакшы болуп келе жатат.
Башка  жамааттарга караганда жакшы пайдалуу жактары бар, кышкысын жылуу, бутту оорутпайт, жакшы жактары бар.   Буюмдары сапаттуу, баасы да арзан. […] Иштери ийгиликтүү болсун» , — дейт Касымов.

image

Бул жамааттын жасаган буюмдарын жеке эле айыл тургундары эмес, чет өлкөдөн келген туристтер да көп алышат.

Даярдагандар Акенова Айзада, Абдыкеримов Адилет