Терек-Суунун тургуну Баяман 20 жылдан бери көзү көрбөсө да Кудайга нааразычылыгы жок

1008

CAM065821

Терек-Суу айылынын тургуну Кудайбергенов Баяман көп жылдан бери көзү көрбөй келет.


Мындай күчтүү ооруну 20 жылдан бери башынан өткөрүп келген Баяман байкебиздин жандүйнөсү таза карылыктын дөөлөтүнө бөлөнүп, өзүнүн акыл насаатын айтып эки кызын тарбиялап бойго жеткизген.

Баяман Кудайбергенов:

Пенсияга да убагында эки, үч жыл чыга албай жүрдум, акча керек экен. Азыр таанышың жок болсо кыйын экен. Мына эми кудайга шүгүр пенсия алам, үйдө эле олтурам. Кыргызчылык менен алектенем. “Аллага” нааразычылыгым жок. Бул оору менен аябай эле кыйналат эмеспи, бирок бул чоң сыноону буйруган Аллага нааразычылыгым жок, деп кыйналуусуз жашап келгенин айтат. 20 жыл бою жолдошуна көз болуп келген жубайы Асанова Бактыкан анын оорусу жөнүндө кененирээк айта кетти.

Бактыкан эже:

Экөөбүздүн баш кошконубузга отуз жылдай болуп калды. 1982-жылы баш кошконбуз. Баары жакшы эле болчу, шоопур болуп иштеп, талаа жумуштарына катышып, буудай суугаттарын суугарып жүргөн. 1994-жылдын бир күнү жакшынакай эле жумуштан келип үйдө эле олтурган, эртең менен эле жумушка барбайсыңбы десем менин көзүм тумандап көрбөй жатат деди. Ошондон баштап 1996-жылдарга чейин үйгө олтуруп калды. Анан врачка көрүнсөк операцияга деп, 40 күн жатып чыктык эч тыянак чыккан жок. Мен өзүм пенсияга чыга элекмин. Колубузда малыбыз жок, жер иштетпейбиз. Догдурга көрсөтөйүн дейм шартыбыз жок. Баардык жерге кайрылдым, эч кандай жардам болгон жок.

Кыргызда “бай болуп көргөн жокмун, байкуш болуп өлгөн жокмун” дегендей Баяман байкебизге дартына даба таап кетишин чын жүрөктөн каалайбыз.

Даярдаган: Каленбаева Санавар