Баетов айыл аймагында улгайган адамдардын күнү белгиленди

926

20140926_102645_3_bestshot2-1024x576

Баетов айыл аймагында  1 – октябрь улгайган адамдардын күнүнө карата атайын иш чара өткөрүлдү. Иш чарага  Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы  аким С. Черикбаев жана  Баетов айыл аймагынын  айыл  өкмөт  башчысы Т. Турусбеков  катышып,  куттуктоо  сөздөрүн  айтышты.

Иш чаранын жүрүшүндө сый тамак берилип,  айылдык  клубдун  кызматкерлеринин жана жаш жеткинчектердин чакан концерттик программасы тартууланды.

Баетов айыл аймагында  учурда   70  жаштан 100 жашка чейинки 224 улгайган  адамдар бар.  Бүгүнкү сый дасторконго бардыгы чакырылган.  Бирок 130 мейманыбыз келип, калгандары  белгилүү  бир шарттардан улам келе албай калышты.  Ал эми  17 адамдын  үйүнө  барып, майрамдык маанай тартуулап, чакан белектерибизди берип келдик”-  дейт   Баетов айыл  өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Г. Нураева.

20140926_142745

Даярдаган Калида Кубанычбекова, Сыдык Шамшыбеков