ТЫНЧТЫККА КАРАЙ ЖОЛ” АТТУУ ФОРУМ  ТЕАТРДЫН  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ. 

1138

Азыркы  учурда  Лейлек районунун жаштар арасында  эл  көйгөйүн  сахналаштырып   көрсөтүү  жана  ошол  көйгөйдү сахна  аркылуу  чечүү өзгөчө популярдуу болууда.  Бул аймактагы көп кездешкен жаңжалдардын бири бул улуттук касташуу. Эки элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана улуттар аралык достукту бекемдөө максатында Андарак айылында “Тынчтыкка карай жол” деп аталган форум театр уюшулган. Аталган театр өз ишмердүүлүгүн 2010-жылдан бери жүргүзүп келет.

Форум театр аркылуу жаштар ар кыл темадагы маселелерди көтөрүп, алардын чечүү жолдорун сунушташат. Мисалы, миграция маселеси, кыз ала качуу, мектеп рэкети, пенсионерлердин маселеси, улуттар аралык ынтымак, жаштар арасындагы суицид, турмуш тиричиликтик көйгөйлөр көтөрүлгөн. Сахналаштырылган сценарийлерди таланттуу жаштар өздөрү жазышып, өздөрү сахнада ойношот. Бул театр форум алгач атайын долбоордун негизинде, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондусунун демилгеси жана Айрекс, ЮСАИД аттуу эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылган. Театрдын координатору  Эргашов Сухробжон, бул театр окуучуларга тийгизген жакшы таасири бар деп эсептейт. “Биздин театрга катышкан жаш окуучулар, коомдо өздөрүн эркин алып жүрүүгө, ой-пикирлерин ачык айтууга үйрөнө алышты. Биздин балдар азыр Ош, Бишкек, Баткен шаарларында мыкты окуу жайларда билим алышууда. Мен ошолор менен сыймыктана алам, анткени алар айылдан өздөрүн көрсөтүшүп, чоң шаарда ийгиликтүү окуп жатышат”, дейт театрдын координатору Эргашов Сухробжон.

Тынчтыкка карай жол аттуу форум театры Ош, Баткен, Джалал-Абад жана Ысык-Көл облустарына барып сахна аркылуу ар кыл көрүнүштөрдү  көрсөтүп беришти.  Эргашов Сухробжондун айтымында алгач жаңжалдарды чечүүдө мындай жол, ыкманы эл жакшы кабыл алган эмес. Бара-бара театрдын ийгилигин көргөн айыл тургундары алкоо менен кабыл алышууда. Андарак айылынын мектебинде ай сайын бир ирет форум театр коюлат.
image

Форум театрдын ишин негизинен мектеп окуучулары алып барышат.  Бул театрда эки улуттун кыргыз жана тажиктин жаштары активдүү катышышат. Андай жаштардын бири 11-классынын  окуучусу Исабек  Есиркеев, форум театрда 2 жылдан бери иштейт. “Биздин театр башкалардан айырмаланып  ар  бир  жашаган  айылдын   көйгөйлөрүн чагылдырат. Аларды чагылдырып гана тим болбостон кантип   женип   чыгуунун   жолун  көрсөтөбүз”, деди Исабек.

image

Форум театрдын көрүүчүлөрү айылдын бардык  жашоочулары,  алардын айтымында сахналаштырылган спектаклдерден алар сабырдуу болууга, түрдүү кырдаалдардан туура чечим чыгарууга үйрөнүшөт. Мындай театрдын ишинин натыйжалуугу артып, башка аймактарга да жеткирүү иши колго алынууда.

Даярдаган: Бахридин кызы Бермет
essay for you