Ооган-Талаадагы бала бакчанын шарты

1119

wpid-20140925_105348

«Тоо-Гүлү» балдар бакчасында 110дон ашык  наристе тарбияланат. Бала бакчанын шарты мурункуга караганда  бир аз жакшы. Бирок ойноо аянтчасы тар кеңейтиш керек. Оюнчуктар аз, баарына тең жетишпейт, көбүрөөк болсо жакшы болмок, дешет бала бакчадагы тарбиячылар.

Бакчанын шарты шаардагы бакчаларга караганда жетишпестиктер бар. Айылдагы наристелер көп болгондуктан бакчадагы тайпалар жетишсиз. Бакчанын короосун да тосуш керек»,-дейт Тоо-Гүлү балдар бакчасынын тарбиячысы Мундузова Зыйнат.

Тоо-Гүлү балдар бакчасында аш-позчу болуп иштеген Токтобаева Элмиранын айтымында: Бакчадагы балдарга үч маал тамак берилет. Эртең мененки тамак сүттөн бышырылып нан чайы менен саат 10до берилет. Түшкү тамакта манты, аш жана башка балдарга жагымдуу тамак берилет. Азыр биздин көйгөйүбүз аш канабыз тар ошону кеңейтип берсе жакшы болмок.

wpid-20140925_105722

Могол Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тагаев Замирбектин айтымында, чындыгында Тоо-Гүлү бакчасынын ашканасы тарыраак. Келечекте аны дагы долбоор аркылуу кеңейтүүгө аракет кылабыз, дейт ал.

«Бала-бакчадагы оюнчуктар жетишсиз. Жылдан-жылга бала тапшыруу көбөйүп баратат. Бирок имаратыбыз ошол эле бойдон турат. Имаратты кеңейтсек же жаңы курсак жакшы болмок. Бул маселе боюнча маалымат бар. Себеби биз дайыма бул иштин үстүндө иштейбиз. Ойноо аянтчасын, кудуктарын баарын көзөмөдөп карап жатабыз. Кеңейтүүгө да, жаңы  имарат курууга  да аракет жасайбыз. Куруунун пландарын киргизип долбоорлор аркылуу иштеп жатабыз. Кийинки, наркы жылдардан жаңы имарат курууга,турган имараттын үстүн тинике менен жабууга аракет жасап жатабыз планда бар».

Даярдаган: Курманбекова Алия