Чепкен — Андарактын өзгөчөлүгү

1884

image

Кыргыз элинин салтын унутпай өзгөчө чеберчилигин мыкты деңгээлде өнүктүргөн апаларыбыз жаштарга өздөрүнүн чеберчилигин үйрөтүп келүүдө. Ошолордун бири Сумбула айыл округуна караштуу Искра айылынын тургуну Жороева Айзада.

Жороева Айзада 34 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келе жатат. Ал 6 кыз, 5 уулдун кадырлуу энеси, баатыр эне. Анын жасаган асем буюмдары, килемдин түрлөрү, таардын түрү: ай көчөт, тор көчөт, богжомол, кийиз, чекменди кызыгуу менен жасаган

Өзүнүн айтуусуна караганда Айзада апага чекменди даярдап берүүсүн суранган адамдар абдан көп. Алардын ичинде чет өлкөлөрдөн дагы келип, сатып алууда. Белгилей кетсек, 2013-жылы Германиядан туристтер келип, кызыгып сатып алып кетишкен. Мындан сырткары түрлүү чеберчиликке кызыгат. Ошондой болсо дагы, тиричилигин өткөрүү үчүн үйрөнгөндүгүн айтат. Бир айдын ичинде кызуу киришсе бир чекменди аяктайт. Ал эми жасалыш жолдору: колдо жипти ийрип, чарыкка салып ийкемге келтирип алабыз. Андан кийин жакшылап буту менен басат. Кийинчирээк тигип, сата баштайм деп билдирет Айзада апа.

image

Чекменди канча жылдан бери жасап келесиз?

Бул ишти 34 жылдан бери кызыгып иштейм. 2013-жылы мен жасаган чекменимди чет өлкөлүктөр кызыгып, алып кетишкен. Бул өнөрдү мен кайын эне, кайын атаман үйрөнгөм. Ал эми азыркы учурда бул кесипти келиндериме, неберелериме үйрөтүп тапшырып жатам.

Бул кесипти кандай максатта үйрөндүңүз?

Бул кесип аркылуу көптөгөн жетишкендиктерге жетиштим. Үйдө отуруп балдарымды, кыздарымды окуттум. Турмуш дагы ушинтип эмгектенүүгө алып келди. Ал эми чекмендин баасы 12 миң сомдон 15 миң сомго  чейин жетет.

Бир чекмен канча убакытта даярдалат?

Эгер жүн жакшы болсо, бир айда бүтүрө алам. Бирок азыр жашым улгайып калгандыгыма байланыштуу кыйналып кетем.

Чекмен жасоо үчүн кандай жүн колдонулат?

Негизинен жүндү өзүбүздүн койлордон алабыз. Эң мыкты сары түстөгү уяң жүндөр талап кылынат, аларды кылдаттык менен тазалап, кылдайбыз. Андан кийин алынган жүндөн жип ийрийбиз.

Мындай чекмендер Лейлек районунун айылдарында дагы даярдалат. Бирок Андарак айылында башкача ыкма метод менен жасалат. Көбүнчө бул өнөрдү улуу муундун өкүлдөрү жаштарга мурас катары үйрөтүп келишүүдө. Айзада апа дагы өз келиндерине бул өнөрдү үйрөтүп жаткен кези.

Даярдаган: Абдырахман кызы Айдана