Жамааттык медиа борборлор үчүн окуулар өткөрүлдү

1224

Баткен облусунун аймагында 1 жамааттык радио жана 3 жамааттык медиа борбордун кызматкерлери окуудан өтүштү. Иш чара «Жамааттык ММКларды колдоо жана өнүктүрүү» долбоорунун алкагында өткөрлдү.  Жамааттык ММКларда негизинен ыктыярчылар иштегендиктен алардын маалыматтар менен иштөө, жаңылыктарды даярдоо багытында кеспитик чеберчиликтерин арттыруу зарылды болгон дешет уюштуруучулар. Ыктыярчы журналисттер негизинен радиодогу жанрлар, жанылыктар, интервью, ток-шоу өткөрүү жаатында чеберчиликтерин арттырышты.

Жамааттык ММКлар аймактагы жергилктүү деңгээлде, айыл тургундары үчүн зарыл болгон жаңылыктарды чагылдырат. Майда бирок аймак калкы үчүн маанилүү болгон маалыматтар салттуу ММкларда аз чагылдырылганынан Жамааттык ММкларды уюштуруу демилгеси чыккан.

Жыл аягына чейин учурда жамааттык медиа борбор катары иштеп жаткан 3 мекеме да жамааттык радиого айланат. Азырынча медиа борборлор даярдаган материалдар Kloop.kg жана kyrgyzmedia.com сайттарында жарыяланып турат.

Жениш Айдаров