Айзада эже Президентке кайрылат

1008

Сыдыкова Айзаданын жалгыз уулу жашоо турмушка байланыштуу Россияга иштегени кеткен. Небереси Амантур чоң энеси Айзада эженин колунда.

Амантурдун атасы Россига кетип ооруп калган. Келип алты ай дарыланып, кайра кеткен. Азыркы учурда эки ай иштеген маянасын ала албай, өз мекенине кайта албай жатат.

wpid-20140910_192207

 

 

 

 

 

 

 

Айзада эженин жалгыз баласы бар. Баласынын кызы жана уулу бар. Кызы энесинин колунда. Ал эми Амантур Айбек уулу чоң энесин апа деп калган. Себеби туулгандан баштап эле ушул жерде.

Чоң энеси кийимин, мектеп куралдарын сатып берет. Жаңы кийим алып берсе сүйүнүп калат.wpid-20140911_092055

 

 

 

 

 

 

 

Сабактан кийин талаага чыгып алма, жаңгак терип өзүнө акча табат. Мектептен калбай, жакшы окуганга умтулат. Беш жана төрт деген бааларга окуйт.

Сабактан кийин чоң энеси жумуштан келгенче үй жумуштарын кылып, суу ташып коет.

Эгерде атасы алып кетем десе да кетпээрин айтат.

«Атам алып кетем десе да чоң энем менен калам. Эгерде мен кетсем апам жалгыз калат»- дейт Амантур.

wpid-20140911_092114

 

 

 

 

 

Айзада эже быйылкы «Мамлекетти бекемдөө» жылында президентке кайрылаарын айтты. «Президентибиз жаштарды жумуш менен камсыз кылса жакшы болмок. Баары өз үй-бүлөсү менен бирге жашап, өз мекенинде иштегенге эмне жетсин. Балдары ата энесин, ата-эне балдарын сагынып куса болот, ооруп калат», — деди Сыдыкова.

Автору: Айсулуу Эркинбекова.