Куланак айылында туура тамактануу боюнча тренинг болуп өттү

3809

image

Бул тренинг айыл тургундарына өздүк гигиенаны сактоого багыт берди. Мындан ары айыл тургундары  туура тамактанууну өз алдынча алып кете алабыз дешет.

Аталган тренинг «Мерсико» компаниясы тарабынан өткөрүлүп, айыл тургундарына жакшы таасир калтырды.

image

Таңгабийке-Бердике бала-бакчасынын ашпозчусу жана тренингдин катышуучусу Гулина Майлыбашова, балдардын ден соолугу үчүн алгач өздүк гигиенаны сактоону дагы бышыктап, кенен маалымат ала алдым деген ою менен бөлүштү жана тренингге ыраазычылыгын билдирип өттү.

image

Айыл тургуну Алия Сокеева туура тамактануу боюнча мындай дейт.

«Биз жашообузда көп эле нерсенин гигиенасын сактабай жүрүптүрбүз.Бул туура тамактануу тренингинен алган маалыматымды жашоомдо колдонуп, балдарыма толук кам көрө алам»,-деп билдирди Сокеева.

image

Даярдагандар: Жылдыз Асанова, Айжамал Жеңишбекова, Земфира Бусурманкулова