Бир баланы мектепке даярдоого 6-7 миң сом кетет

1090

image

Балдардын мектепке даярдануусу ата-энеге чоң көйгөй жаратат. Ушул жылы мектеп окуучулардын атайын формасын кабыл алуу үчүн сынак өткөрүлгөн эле. Сынактан элдин купулуна толгон улуттук орнаменти бар  кенже, орто жана жогорку класстар үчүн тигилген форма утуп чыккан. Тилекке каршы бул форманы баардык мектеп окуучулары кийген жок.  Мунун себептери айрымдардын айтуусунда, маалыматтын жетишсиздиги, жаңы форманын сатыкка жетиштүү деңгээлде коюлбагандыгы, ошондой эле анын баасынын кымбаттыгы.

Бул туурасында Кызыл-Булак айылынын тургуну, төрт баланын энеси Саткын Султанбаева менен маектештик.

— Саткын эже, сиздин кесибиңиз ким?

— Мен Кулуштан орто мектебинде музыка сабагы мугалими болуп иштейм.  Менин төрт балам бар .

Жаңы окуу жылы башталып, балдарыңызга кийим кечек, дептер, калемсап сатып алып, мектепке даярдап бүтсөңүз керек?
— Ооба сатып алып бердим, бир гана мектеп формасы калды. Аны мектептен атайын форма берилет деген. Ошого байланышттуу форма сатып ала элекпиз.

Быйылкы жылкы баалар кандай болуп жатат? Былтыркыдан кымбатпы же арзанбы?
— Быйылкы баалар былтыркыдан кымбат.  Бардык буюм күндөн күнгө көтөрүлүп жатат.  Бизге окшогон карапайым элге кыйын болду.

image
Кулуштан орто мектебинин окуучусу

Ар бир балаңызга окууга даярдык үчүн канча акча кетет?

Бир окуучуга 6-7 миңдей кетет. Ал эми студенттердин тамак ашы,  кийим-кечеги, окуу контракты баары биригип 100 миңден ашык  кетет.

Балдарыңызга кийимди ким тандайт — сизби же өздөрүбү?

Жок өздөрү тандашат. Балаң болгондон кийин анын көңүлүнө карап калат турбайсынбы.

Маектешкен: Кызжибек Жыргалбек кызы