Ооган-Талаа: Вино заводунун сезону ачылды

954

wpid-20140828_1010151
Жумушчулардын айтымында завод 1970- жылдан бери иштеп келет. Техникалар кымбат болгондуктан завод иштеп баштаганда алынып келинген боюнча азырга чейин иштетип келишет. Жумушчулар сезондо гана иштеп, жумуш жок мезгилинде үйүндө болоорун айтышат.

Азыр заводдон алма соктору чыгып жаткан учур. 25тен ашык жумушчу иштейт. Эл талаадан алма терип акча табууда.

Мавлянкулова Гүлбахар алманы элдерден алып, топтоп анан заводго сатканын айтат.

image

«Мен алманы Жай-Терек айылынын элинен  [килограммын] бир жарым сомдон алып, эки жарымга сатам. Күнүнө бир жолу келип алманы төгүп кетип турам. Бул талаа алмасы. Жакында үй алмаларды да ала баштайм. Өзү алма сатып эки ай сезондо иштейм»,- деп айтат сатуучу Гүлбахар.

Заводдун жумушчусунун айтуусунда заводдун ээси жаңы аппарат алып берген.

image

«Төрт жарым миллион турган аппаратты Туманов алдырып берди. Ал алма ширесин (сок) кайнатып берет. Ошол жерден шире бир, үч, беш литр пакеттерге куюлат. Литр сок 150 сомдон сатылат»,- деп айтып берди алма заводунун жумушчусу.

Жумушчу Абдыкадырова сатып алынган алманы кургатып, кайрадан жыйнап алышарын айтат.

image

«Алманы атайын аппарат менен кесип бизге беришет. Биз күнгө жайып кургатып, кайра жыйнап алабыз. Кээде кышта заказ болсо вино да чыгарабыз. Ар он күндө 7-8 миңден маяна алып турабыз»,- деп маалымдайт Абдыкадырова.

image

Заводдун директору Гуламжан Рахматов соктун ден соолукка пайдасы тууралуу маалыматка токтолду.

«Алма согунун ден соолукка пайдасы көп. Организимди тазалайт жана алсыроодо жардам берет. Азыр алмалар кургатылып жатат. Он бешинчи сентябрдан жаңы сокторду чыгара баштайбыз»,- дейт директор Рахматов.

Автору: Айсулуу Эркинбекова