КГПИнин студенттери теориялык билимин өркүндөтүү үчүн Абшыр-Атага барышты + аудио

3372

S

Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун (КГПИ) биология жана педагогика факультетинин мугалимдери жана студенттери Абшыр-Атада бир апталык практикада болушту. Май айынын аягындагы бул практиканын жүрүшүндө алар өсүмдүктөр менен таанышып, гербайрийлерди жасаган.

[soundcloud id=’158922543′]

Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун биология жана педагогика адистигинин 2-курсунун студенттери мугалимдердин жетекчилигинде Абшыр-Атанын табияты менен жакыныраактан таанышып келүү үчүн даярдык көрө баштадык.

S

Бул практикалык сабактын Абшыр-Атада болушу мага жага түштү. Анткени буга чейин Абшыр-Атага барган эмес элем, эми мунун жардамы менен мен алгачкы жолу Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Абшыр-Атага бармакмын. Бул жердин табиятын көрүү үчүн эс алуучулар менен катар сыйынуу үчүн келгендер да бар дешет.

Унаадан түшөөрүбүз менен сууктан улам бир аз үшүй кеттик. Тоолуу, суулары шар аккан жер экен — буларды алдын ала курсташтарыбыз менен элестетип келе жатканбыз — баары биз ойлогондой болуп чыкты.

S

Мугалимдерибиз бизге жылан, түлкү, кекилик жана башка жаныбарларды кезиктирээрибизди айткан. Бирок аба ырайы суук болгондуктан алардын эч бирин табууга мүмкүн болгон жок.

Бирок биздин экинчи дагы бир вариантыбыз бар эле — курт-кумурскалар жана өсүмдүктөр. Курт-кумурскалардын айрым түрүнөн чогулттук. Өсүмдүктөрдөн гербарийлерди жасап, бир апталык практикабызды окуу жайдын мугалимдер жамаатына сунуштадык.

Курсташыбыз Акбермет Абдижапар кызы Абшыр-Ата тоолу жеринде төрөлүп өскөндүгү үчүн билбегендерге “жол көрсөтүүчүлүктү” өз мойнуна алды. Абшыр-Атада негизинен тоонун боорун тешип чыккан суу, шыпаа булак, эки шаркыратма, соку таш жана бир үңкүр бар, экендигин айтып берди Акбермет.

S

“Өзгөчө касеттеринин бири ошол шаркыратманын жанында шыпаа булак бар, бул өзүнө тарыхый окуяларды камтып келет. Шыпаа булак көп оорууларга дары, келген адамдар өздөрү менен кошо бул суудан дарылык үчүн алып кетишет. Биз билбеген касиеттери өтө көп”, — деп баяндады Акбермет.

S

Бирок Акбермет кошумчалагандай, келген меймандарга жакшы шарт түзүлгөн эмес. Шаркыратмага жеткенге чейин бир далай жол басып өтүү керек болсо, бирок бузулган жолдон улам, ага авто унаалар да кээде жетпей калат, дейт ал.

Ошондой болсо да Абшыр-Атага адамдардын көп келгендигин байкоого болот.

Даярдаган: Атабек Арипов