Үч-Коргондо толеранттуулукту жаю боюнча атайын топтор түзүлдү + аудио

936

20140624_124105

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында тынчтыкты сактоо жана толеранттуулукту жаю үчүн айыл тургундарынан турган топтор түзүлдү. Төрт күндүк семинарга аталган айылдык аймакка кирген кыштактардын жашоочулары катышып, анын жыйынтыгында диний агымдар жана чек ара маселелери боюнча иш алып барчу топтор уюшулган.

[soundcloud id=’156949861′]

Аталган топтор Үч-Коргон айыл аймагында төрт күн бою “Адам укуктары жана чыр-чатактары жөнгө салуудагы кызматташтык” семинарына катышып, мындан аркы пландарын макулдашты.

Эл аралык толеранттуулук үчүн фондунун Баткендеги офисинин кызматкери Назгүл Алдашованын айтымында, иш-чаранын максаты чыр-чатактарды өз убагында аныктап, талдап жана алардын алдын алуу арекеттерин көрүүгө багытталган.

20140624_165523
Уч-Коргон жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Шахрибонум Игамбердиева (оңдо) Эл аралык толеранттуулук үчүн фондунун Баткендеги офисинин кызматкери Назгүл Алдашовадан (солдо) маек алууда.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызматкерлеринин, атуулдук коомдук өкүлдөрүнө чыр-чатактарды өз убагында аныктап, талдап жана алардын алдын алууга арекеттерин көрүү бойунча ушул структуралардын дараметин жогорулатууга багытталат”.

Алдашова кошумчалагандай, мындай иш-чаралар Кыргызстандын 23 айыл аймагында уюушулууда.

Бул бейөкмөт уюм 15 жылдан бери чыр чатактарды алдын алуу жана толеранттуулук маданятын жаюу боюнча эмгектенип келет. Аталган иш-чара БУУнун аялдар түзүмү тарабынан колдоого алынып уюшулган.

Төрт күнгө созулган тренингде, айыл жергесинде кандай көйгөйлөр бар, аларды иликтеп, топторго бөлүнгөн катышуучулар ошол маселелерди белгилүү бир убакыт ичинде чечкенге аракет кылышат.

20140624_110124

“Диний агымдар маселеси каралды. Алты ай мөөнөт ичинде, июлдан январга чейин, иштеп, чечкенге аракеттенбиз”, — деди Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адиси Минура Жалалдин кызы.

Тандалып алынган маселелерге чек ара боюнча көйгөйлөр, көп улуттуу айылдарда толеранттуу жашоо, таза суу, паспорт, той-аштарда ашычка чыгым маселелери жана диний агымдар боюнча жагдайлар кирди. Айыл тургундарынан түзүлгөн топтор алты ай бою ошол маселелер боюнча иш алып барышат.

20140624_124450

“Бул тренингден билбеген мыйзамдарды билип, айыл ичиндеги болуп жаткан көгөйлөрдү жакшыртуу максатында билимимди жогорулаттым. Үйрөнгөндөрүмдү өзүм жашаган жердеги адамдарга айтып, түшүндүрүү иштерин алып барам”, — деди Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Разезд айылынын тургуну Бурайма Абдибаева. Ал айыл ак-сакалдар сотунун мүчөсү, айылдык аялдар кеңешинин төрайымы болуп саналат.

Даярдагандар: Атабек Арипов, Шахрибонум Игамбердиева