Токтоянда мечит оңдолуп түзөлүүдө + аудио

1083

Фото3611

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жалгыз мечиттин курулганына он жылдай убакыт болду. Андан бери мечит эскирип калгандыктан, замандын талабына жараша оңдоп түзөөдөн өтөт, деп билдирди мечиттин имамы.

[soundcloud id=’156380500′]

Тыныбек Зундунов Токтоян айылындагы мечиттин 13 жылдан бери имамы имамы. Мурун деле элден каражат чогултуп алып, мечитти сырдап турчубуз. Бирок баарыбир деле оңдоп түзөөгө алыбыз жетчү эмес, дейт ал.

Фото3609

“Мечитти оңдоп түзөөгө кеткен толук каражаттын санын азырынча айта албайбыз. Анткени канча кетсе, ошончо бөлүнүп берилет. Муну мурун 2004-жылы ачылган Рамми деген бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын президенти Саид Баюмин тарабынан берилип атат”, — деди ал.

Анын айтымында, айылдын тургундары Бишкектен келген мечиттин усталарына үч маал ысык тамак жасап берип жатышат.

Токтоян айылынын тургуну Алмаз Мамбетов мечит тогуз жылдан бери оңдолбой турган эле, азыр эми ремонт иштери жакшы жүрүп жатат деген кубанычы менен бөлүштү.

“Көз карашым аябай жакшы. […] Кирип намаз окусаң аябай жакшы. Айыл тургундары ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Бул мечиттин курулганына тогуз жыл болду, буга чейин бир да жолу мындай оңдоп түзөөлөр жүргүзүлгөн эмес”, — деди Алмаз Мамбетов.

Фото3610

Учурда мечиттин эшик-терезелери алмашылып, сырткы көрүнүшү, пайдубалы жана чатыры капиталдык ремонттон өтүп жатат.
“Эшик-терезелерди алып баарын пластик кылып жатабыз. Мурунку менен азыркыны салыштырып болбойт, буюрса азыр жасалса, эми 10-15 жылга оңолуп түзөлбөйт”, — дейт мечит имамы Зундунов.

Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов, айыл тургундары көптөн бери мечиттин оңдолушуна жардам сурап келишкен, бирок каражаттын жоктугунан мечитке жардам көрсөтүлгөн эмес, деп билдирди.

IMG_9362

“Азыр мечиттин ичинин баарын замандын талабына ылайык жасап жатышат. Эми кудай буюрса мечиттин ичи бүтүп калды. Мечит айыл үчүн мааниси абдан эле чоң. Себеби балдар жөн эле көчөдө баса бербей, мечиттин ичине кирип, кичине болсо да ыймандуу болсо”, — дейт Атабек Албанов.

Фото3608

Элдин ар кандай салымы менен түзүлгөн мечиттин кору бар, андагы каражат мечитти оңдоого жетпейт. Ошондуктан чет өлкөлүк демөөрчүнүн жардамы менен мечит капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө.

Автор: Рита Кеңешова