Куланак эли жаштар уюму менен бирге жаңы мечитти куруп жатышат + аудио

1059

Нарын районунун Учкун айылдык аймагына караштуу Куланак айылында эки ай мурда жаңы мечит курула баштаган. Учурда мечиттин пайдубалы курулуп бүттү. Мечиттин курулушун жергиликтүү эл жана жаштар уюму каржылап жатат.

Куланак - мечит (2)

Мечиттин салынышын Куланактын тургуну Темирболот Токтомушев көзөмөлгө алган. Анын билдиришинче, мечитке кеткен каражаттын 70 пайызын жаштар уюму каржылап, калганын жергиликтүү эл өз каржылоосуна алган.

Куланак - мечит (1)

“Мечитти куруу үчүн 90 миң доллар кетет. […] Айыл өкмөтүнөн жер берилген, бирок ал жерге мечиттин курулушу батпай калгандыктан, башка бирөөнүн огородуна салып жатабыз”, — деди Токтомушев.

Куланак - мечит (3)

Анын айтымында, мечиттин курулушу ыңгайсыздыктар менен коштолуп жатат. Анткени кээ бир адамдар туура түшүнсө, айрымдары туура түшүнбөйт.

Куланак - мечит (4)

“Эми колунда жок адамдарды биз кыйнаган жокпуз. Кээ бир адамдар 5000 сомго чейин да берип жатышат”, — деп айтты мечиттин курулушун көзөмөлдөгөн Токтомушев.

Мечитке деп берилген жер аз болгондуктан, анын тегерегиндеги айылдын жашоочусуна таандык жерди да алууга туура келген.

Куланак - мечит (6)

Таалайкүл Шаршенбекова өзүнүн 15 сотых жер тилкесин мечитке берип, айылдын башка бир жайынан жер алууга макул болгон.

“Биздин дагы ошол жерде 15 сотых жерибиз бар болчу. Ошол жерге мечит салынат дегенинен, ошол жерди башка 15 сотых жерге алмашкыла деп айтышкан. Биз алмашканбыз. Азырынча жаңы жер тилкесин берише элек”, — деп айтып берди Шаршенбекова.

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Жетиген Мокеевдин айтымында, буга чейин мечиттин курулушу эки жолу ар кандай себептер менен башка жайга жылдырылган.

Куланак - мечит (8)

“Салынып жаткан мечитке жерди мурдакы айыл өкмөт уруксат бериптир, бирок жер боюнча документтер толук болбой, бир пикирге келе албай жүрүшөт. Азыр деле жерди берген менен бирөөнүн короосун алышыптыр. Бирок ал жерге мечитти салбай, башка жерге салалы деп чечишиптир”, — деди Мокеев.

Айылдын жашоочусу жана салынып жаткан мечитке өз салымын кошуп жаткан Камчыбек Андашев төмөндөгүчө жооп берди.

Куланак - мечит (5)

“Жаңы мечиттин салынышына көз карашым абдан жакшы, салынып бүтүп калса абдан жакшы болот эле. Анан эл каржылап, ар бир түтүн 3000 сомдон берип жатат. Мен өзүм мечитке 5000 миң сом жана чоң машинам менен майын гана куйдуруп шагыл, кум, топуракты тартып келип берип жатам. Колунда жок адамдар акча бере алышпаса курулушта иштеп жатышат.”

Айылдын дагы бир тургуну Аймыжамал Ускаева бул мечиттин курулушу айылга керек деген ойдо.

Куланак - мечит (7)

”Бизге мечит керек болчу, азыр мечитти эң жакшы проект менен салып жатышат. Бул мечиттин салынышына Куланак эли түз көз караштабыз. Биздин көмөгүбүз — күзүндө өз үй бүлөбүздүн атынан 2500 миң сомду мал сатып берели деп чечтик. Сөзсүз эле күздө бериш керек эмес, акчасы барлар азыр деле беришсе болот, бул жерде спонсорлор дагы бар. […] Бизди каражат бергиле деп эч ким мажбурлаган жок. Биз мечиттен эч нерсени аябайбыз.”

[soundcloud id=’156083607′]

Куланак айылында буга чейин бир мечит кызмат көрсөтүп келген. Анын эскилиги жетип калгандыктан жаңы мечит куруу иштери башталган. Учурда эски мечит ибадатка ачык.

Автор: Эркинай Нарынбекова, Дания Талгатбекова