Жайында балдар кандай эс алышат?

10532

Жайкы мезгилде баардык балдар бош убактысын көңүлдүү өткөргүсү келет,  өзгөчө мектеп окуучулары.  Бирок бардык эле ата- эненин мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Жал айылынын мектеп окуучулары,  жайкы каникулду кандай өткөрөөрү жөнүндө, балдар ата- энелер жана мугалимдер менен маек курдук.

летние каникулы3

 Улан кызы Акылай 4 класстын окуучусу:

Мага жайкы каникул аябай жагат. Ала-Арча жайлоосуна туугандарымдыкына барам. Жайында жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылам.  Сайма сайганды жакшы көрөм. Жайында дагы көбүрөөк иштеп, жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө аракет кылам.

Уланова Заира, Жал айылынын тургуну: Балдарыбыз эс алуучу жерлерге, туугандардыкына, көлгө, лагерге барышат. Окуу башталаарда үйдө болуп, сабактарга даярданышат. Жайкы каникулда балага пайдалуу болуш үчүн ата-энелер балдарына китеп окутуп, өздөрү дагы окуп берсе жакшы болмок.

Мадина, Жал айылынын тургуну, 15 жашта: Жайкы каникулду жакшы өткөрөм. Буюрса Кош-Көлдө жайгашкан «Келечек» лагерине эс алам. Эжем Токмок шаарында жашайт. Анын балдарын бакканга жардам берем. Ата-энем мен каалагандын баарына макул боло бербейт. Ар бир адам өзүнүн кызын же баласын жакшы болусн дейт да. Жаңы нерсени үйрөнүүгө аракет кылам. Окууга тапшырып, жаңы чөйрөнү көргүм келет. Мен техникумга тапшырам.
летние каникулы1
Дооронбекова Жумагул, Жал айылынын тургуну: Балдарым жайкы каникулга эс алууга барганы толук каражатым жетпесе да барышына аракет кылам. Балдарым көбүнчө үйдө болушат. Бир жумалап же эки жумалап тоого, көлгө эс алып келишет. Аларга китеп окутам, же өзүм көзөмөлдөйм. Көп көңүл бурам.

Айгүл Абдиевна Р. Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинин мугалими: Жайкы  каникулда балдар эс алууга чыгышат. Жал айылынын балдары жайкы каникулда кечкисин фудбол ойношот, алма бактын ичинде топ ойношот анан да көлгө түшүшөт. Андан тышкары талаага чыгып иштешет. Мен балдарга Ысык-Көлгө барып  эс алуусун, жайлоолорго барып сүт, айран, кымыз ичип, кышка көп-көп энергия  жыйнашсын деп сунуш берет элем.

Токтогулов Баймырза  Болотбекович, Р.Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинин мугалими: Менин балам жайкы каникулун жакшы өткөрөт деп ишенем. Жайкы каникулда шартыбызга карап  балабызды эс алууга  жөнөтөбүз. Баардык  эле эс алуу жерлерге каражатыбыз жетпейт. Мугалимдин айлыгы азыраак. Балам каникулда үйдө болот, лагерге шартка  жараша жөнөтөбүз. Кружокторго катыштырууга аракет кылам.

летние каникулы2Султаналиева Динара Жолдошбековна. Жал айылынын орто мектебинин мугалими: Менин оюмча балдар жайында ата-энеси менен бирге эс алышы керек. Биз жашаган жер айыл болгондуктан  балдар, көбүнчө үйдө болушат. Ата-энесине, үй оокатына, талаачылык жумуштарга жардам беришет. Мүмкүнчүлүктөрүнө карата эс алышат. Мен балдарга, бош убактыларында адабий жана жомок китептерди окуусун, ал эми ата-энелерге балдарынын жайкы эс алуусун пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүгө шарт түзүп берүүсүн сунуш кылат элем.

Маектешкен Сейтекова  Эльонора, Болотбеков Калыйнур-Улан