Куланактык күнөсканачы Шайлообек тажрыйба катары жүзүм отургузду + аудио

1113

6 (8)

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Шайлообек Исаев мындан эки жыл мурда күнөскана ачкан. Андан бир топ убакыт өткөн соң Куланакта алгачкылардан болуп тажрыйба катары жүзүм тиккен.

Айылдагы дыйкандардын бири Шайлообек Исаев Куланактагы жалгыз күнөскана иштеткен фермер. Күнөсканада жумушу кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн аны менен байланышып көрүүнү чечтик.

“Күнөскананы 2012-жылы жазында ачканбыз. Өзүбүз талаачылык менен иштеп жүрчүбүз. Анан айылдык кеңеш аркылуу ачканбыз. Бул Евробиримдиктин долбоору болгон”,-деп баштады кебин Исаев.

6 (4)

Мындан бир жыл мурда жүзүм тиккен, учурда жакшы эле өсүп жатат деп айтты ал.

“Жүзүмдү өсөт бекен деп бир түп айдаганбыз, көрөлү деп. Азыр өсүп жатат бирок түшүмдөй элек”,-дейт күнөсканачы Шайлообек байке.

“Пайдасы анчейин көп эмес, бирок өзүбүзгө жетет. Биринчи жылы бадыраң, помидор экөөнү тең отургузганбыз. Ички аянты аз биздики, аны чоңойто албай жатабыз. Былтыр күзүндө бадыраң эле айдаганбыз”,-деп айтты ал.

Күнөскананы кантип карай тургандыгы тууралуу болсо,

“Күнөсканада январга чейин өзүнүн температурасында жер-жемиштер өсө алышат. Күнүдүзү ичи күндүн табы менен ысыйт. А кечкисин төшөк жабабыз. Өзүнүн төшөгү болот. Анан бети таш менен тургузулган, ошону менен дагы ичи жылыйт”,-деп айтып берди куланактык күнөскана иштеткен Исаев.

6 (3)

Күнөсканага кызыккандар көп экенине токтолду ал.

“Негизи күнөскана эл көрүп алар да салсын деген ой менен салынган бул. Кызыккандар бар, каражаттары болбой, сала албай жатышат. Күнөскананы кеңейтели деп жатабыз, бул боюнча айыл өкмөткө кайрылган жокпуз, кайрылганда өкмөт эмнесин бермек эле”,-деп билдирди Исаев.

Шайлообек Исаев тапкан пайдасын коңшу-колоңдоруна, бей-бечераларга, ага-туугандарына бөлүшөөрүн, тойлордо, айрыкча ноябрь-декабрь айларында элде жок болгондо, көбүнесе бекер берээрин кошумчалады.

6 (5)

Буга чейин айылда күнөскананы жаңы эле ачып иштете баштаганда Исаев тууралуу макала жазган элек. Анда ал күнөскананы айылга таратууну максат кылган болчу. Каражаттын жетишпестигинен айыл тургундары күнөскана сала албай жатышат деп айтты ал.

[soundcloud id=’153689449′]

Автор: Газель Русланова, Дания Талгатбекова