“Китеп – билим чырагы”

10236

indexАкыркы учурда мектеп окуучуларынын китепке болгон кызыгуусу жоголо баштады. Балдар көбүнчө мобильдик телефонго, копьютердик оюндарга берилип, адабий китепти дээрлик окубай калышты. Мунун себептери тууралуу айылдын туругундары менен маек курдук.    

Султанаалы Чакчагаев, Кара-Суу айылынын орто мектебинин орус тили мугалими                  

Азыркы окуучулар  китепке  кызыгышабы?        

Балдар китепке көп кызыкпай калды.  Бир класстан бир- эки эле бала  китеп окубаса көбу окубай калды.

Балдар үчүн адабий китептерди окуу канчалык маанилүү?

Китеп эң пайдалуу нерсе аны баары эле билет. Анткени китеп менен иштөө адамдын аң сезимин сөз байлыгын өстүрүүгө жардам берет. Китептен алган билим, маалымат өтө көпкө сакталат. Жаш кезинде китепти көп окусаң үйрөнгөн  нерсеңдин баарын картайганча унутпайсың .

Билимдүү жаштар көбөйсө Кыргызстандагы жашоо жакшырат беле?

Албетте, жаштар жалпы  билимдүү болсо экономика өсмөк, жашоо жакшырмак.

Кымбат, Кара-Суу айылынын тургуну, 3  баланын апасы

 Балдарыңыз  китепке   кызыгабы?           

Балдар китепке кызыгышат, Сүрөттөрү бар, түстүү китептерди  өзгөчө кызыгуу  менен окушат.

Сиз  балдарыңызга  китептерди тандап   сатып   берисизби?

Сатып беребиз.  Жазуу жана боё китептеринен сатып берип турам.  Балдарга китеп абдан пайдалуу. Китеп алардын ой жүгүртүүсүн өстүрөт.

Эмне    учун  көп балдар    китепке  кызыгышпайт?

Кызыктуу китеп болсо өздөрү эле ачып окушат.  Менимче кызыктуу китептер жок болгондуктан, кызыга беришпейт. Ата-энелер дагы балдарына көп көңүл бөлбөгөндүктөн балдар китепке кызыгышпайт.

  Балдарды  китепке   кызыктырыш  учун  эмне   кылыш  керек?

Ал үчүн китепканаларга кызыктуу, оюндары бар, түстүү китептерди алып келиш керек.   Мен китептеги болгон жомокторду балдарыма айтып берем. Жашоодон дагы алып кенен түшүндүруп берүүгө аракет кылам.

 Автору: Алымкулова Назик, Азаркулова Элина