Уч-Коргондук жаш Шохрух “Манас” айтуу аркылуу көп ийгиликтерди багынтты + аудио

1554

20140603_164939[1]

Бул Шохрух Пулатов. Ал тажик улутунун өкүлү. Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинин 8-классын бүтүрүп жатат.

Ал «Манас» айтуу аркылуу бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде да таанымал болгон. Биздин Уч-Коргон медиа борборубуздун кабарчысы Атабек Арипов, Шохрухтун кандайча “Манас” айтууга кызыгып калганын билүү үчүн аны менен маектешип келген. Төмөндө ошол маегибизди сунуштайбыз.

Атабек Арипов: «Манас» айтууну канча жашыңыздан баштагансыз? Буга эмне түрткү берди?

Шохрух Пулатов: Мен «Манас» айтууну экинчи классымдан баштаганмын. Менин «Манас» айтуума түткү болгон адам — бул кыргыз тилинен сабак берген эжекем Абдуразакова Кумрухон жана менин апам. Алар мени биринчи жолу «Манас» айткандан кийин дагы сынактарга чакырып «Манас» айттырышкан. Ушундан кийин «Манас» айтууга кызыгуум арта баштаган.

Атабек Арипов: Кандай сынактарга катышкансыз?

Шохрух Пулатов: Мен бирирнчи жолу мектептердеги «Манасчылардын” арасында сегиз мектептин ортосунда 1-орунду ээлегенмин. Андан кийин Баткенге, Кадамжайга жана Бишкеке барганмын. Андан кийин Таджикистанга да барганмын.

Атабек Арипов: Сиздин талантыңызга кызыгып, сизден «Манас» айтууну үйрөнгөндөр болгонбу?

20140603_164535[1]

Шохрух Пулатов: Менин талантыма кызыгып 6-класстын окуучулары Мамажанов жана Мадаминовдор «Манас» айтышкан. Алар дагы мага окшоп мектептерде «Манас» айтып жүрүшөт.

Атабек Арипов: Ата-энеңиз сиздин талантынызга кандай карайт?

Шохрух Пулатов: Алар менин «Манас» айтууга кетип жатканымда тоскол болгон эмес. Колдон келишинче жардам беришкен жана азыр да жардам берип келишет. Менин чоң атам, чоң энем баталарын беришет.

Атабек Арипов: Мындан ары талантыңызды өнүктүрүп белгилүү «Манасчы” болгунуз келеби?

Шохрух Пулатов: Ооба, мен бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн сынактарга катышып белгилүү орундаргды ээлеп келдим. Бул мага дагы да «Манас» айтууну улантууга чоң түрткү берди. Мен келечекте чоң «Манасчы” болууга аракеттенем.

[soundcloud id=’152735112′]

Автор: Атабек Арипов, Шахрибонум Игамбердиева