Куланакта балдар майрамы белгиленди

1155

image

Аралбаев орто мектебинде 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналган атайын чакан майрамдык кече болуп өттү. Иш-чара айыл өкмөт тарабынан уюшулуп, бөбөктөргө балмуздак берилип, балдардын маанайы шаңга бөлөндү.

image

«Бул кече абдан жакшы өтүп жатат. Бизге мультфильмдерди көрсөтүп, балмуздак таратышты. Биздин көңүлүбүз көтөрүлүп жатат. Бүгүн балдардын бардыгынын көңүлү жакшы, ырдагысы келгендерди ырдаттырып, аларга белектерди беришти. Мындай кечеге мен былтыртан бери катышып жатам»,-деген кубанычы менен бөлүштү мектеп окуучусу Саадат Бейшенбек кызы.

image

Андан кийинки микрофонубузду 4-классынын окуучусу Алиман Назарбек кызына узатып,төмөндөгүдөй жоопторду ала алдык.

«Бүгүнкү балдардын күнүнө арналган салтанат абдан жакшы өттү. Айыл өкмөткө чоң рахмат, минтип атайын балдарга уюштуруп бергени үчүн. Балдарга абдан жакшы болду»,- деп кубанып  сөзүн аяктады.

image

Метепте кенже кызматкер болуп эмгектенген Рита Абдрасуновадан бүгүнкү күн тууралуу сурап өттүк.

«Бүгүнкү майрамдык кече абдан жакшы маанайда өттү. Айыл өкмөт тарабынан берилген балмуздактар, айтылган каалоо-тилектер балдардын маанайын көтөрдү. Балдарга ушинтип көңүл бөлүнүп турса жакшы болот»,-деген оюн билдирди мектеп кызматкери.

image

Иш-чарада балдардын маанайын көтөргөн — бул кара жорго бийи болду. Балдардын баарын кара жорго бийине көңүл бурдуруп, каалагандар бийлеп да киришти. Ошентип кече кара жорго бийи  менен аяктады.

image

Автор: Перизат Кубанычбекова