Куланак: Бала бакчада ичүүчү суунун жоктугу кыйынчылык жаратууда + аудио

904

IMG-20140529-WA0008

Айылда бала бакчанын ачылганына төрт жылдын жүзү болду. Ачылгандан бери бала бакчанын кызматкерлери керектелчү 200-300 литр таза сууну 100 метр алыстыктан ташып келишет.

Айнура Усубалиева Куланак айылындагы “Таңгабийке-Бердике” бала бакчасында ашпозчу болуп эмгектенет. Бакчада тамак даярдап, идиш жууганга таза сууну тарбиячылар менен ашпозчулар күндө ташып келишет.

Бала бакчанын ачылганына төрт жылдын жүзү болсо да, суу маселеси боюнча алардын бийликке кайрылуулары натыйжа бере элек.

IMG-20140529-WA0011“[…] Бизде суу түтүкчөсү башынан эле орнотулган эмес. Бала бакча 2010-жылы ачылган, ошондон бери эле суу ташып келе жатабыз. Суу боюнча баардык жакка кайрылып келгенбиз. Бирок жыйынтык жок. Быйыл чыгарып беребиз деген, ошону күтүп жатабыз”,-деген оюн билдирди Куланак айылындагы балдар бакчасынын ашпозчусу Усубалиева.

Аталган бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген Назира Кыдыралиева болсо төмөнкүлөргө токтолду.

“[…] Менин тайпамда 5-6 жаштагы балдар бар. Бизде суу балдардын тазалыгын сактоого жана тамак ашка көп керектелет. Ал сууну 100 метр алыс жерден ташып келүүгө туура келет. Күнүнө 200-300 литрдей суу пайдаланылат”,-деп айтып берди Кыдыралиева.

IMG-20140529-WA0010

Кыдыралиева кошумчалагандай, балдарга ар кандай жасалгалар, пластилин жана түркүн боёктор менен көбүнчө сүрөт тартуу аркылуу сабак түшүндүргөндүктөн, балдар кийимдерин көп кир кылып алышат.

“Алар кийимдерин, колу-бетин чийип, партанын бетине кошо сүрөт тарткан күндөрү болот. Алардын баарын тазалаш керек. Балдар ар бир тыныгуу сайын колдорун жууп турууга жана ошол бөлмөнү тазалоого суу керектелет. Ошондуктан бизге суу түтүкчөсүн орнотуп беришсе жакшы болмок. Бул биздин эң негизги көйгөйлөрүбүздүн бири”,-деди ал.

Айыл өкмөткө кайрылганыбызда, бул туурасында азырынча маалымат бере албастыгын айтты.

Эң негизгиси керектелүүчү суу болгондуктан “Таңгабийке-Бердике” бала бакчасынын кызматкерлери суу түтүкчөсүнүн орнотулушун чыдамсыздык менен күтүүдө.

[soundcloud id=’152416088′]

Автор: Газель Русланова, Дания Талгатбекова