Учкундук жаштар: Спорт аянтчасында ойногубуз келет + аудио жана видео

971

Бешинчи класстын окуучусу Бахтияр Касымбек уулу, анын кыялы спорттук аянтчада ойноо. Бирок ал кыялы ишке ашпай келет.

1400834847_tmp__рисунок

“Мен спорттук аянтчада ойногум келет, бирок аянтча дагы деле бүтө элек. Көчөлөрдө ойноо өтө кооптуу, машинар көп каттайт»,-дейт Бахтияр.

Спорт аянтчасы мурдагы жылы оңдоло баштаган, ага мектеп окуучулары жардам берет. Ата-энелер жүз элүү сомдон чогултуп, ага керектүү чарбаны ирээтке келтиришкен. Спорт аянтчасы мурдагы кампанын ордуна курулган. Окуучулардын коопсуздугу үчүн цементтер алынып оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок ал каражаттын жоктугунан бүтпөй келет, дейт Учкун айылындагы орто мектептин директору Казыбек Асылбеков.

«Толугу менен жасап чыга элек азыркы учурда. Эки жылдын аралыгында көптөгөн жумуштар аткарылды, хокей аянтчасы казылды. Биринчиден каражат маселеси, ал оңой жумуш эмес экен. Асфальтты оңдоого кырк миңдин тегерегиндеги акча каражаты жумшалды. Спорт аянтчасын каздырып оңдоого да отуз миң акча кетти, ошондой эле мектептин агай эжейлер өз акча каражаттарын топтоп өз салымдарын кошуп ал жерде иштешти»,-деп билдирди Асылбеков.

Спорт аянтчасында бардык окуучулар иштеп жатат. Кыйынчылыктарга карабастан кыялдарына жетүүгө аракеттенишүүдө.

[soundcloud id=’150730173′]

Чоңойгодо футболист болгум келет. Ушул жерге спорт аянтчасын курдуруп, балдарды футболго үрөткүм келет, дейт Бахтияр келечектеги тилеги тууралуу.

Бахтияр Касымбек уулунун жана жалпы окуучулардын кыялы орундулат деген ойдобуз.

Автор: Найзабек Мухамед уулу, Айганыш Адил кызы, Айжан Бактыбек кызы, Толгонай Шамшибекова, Айдай Темирбекова