Ооган-Талаа: Таштандынын туш келди ыргытылышынан балдарга зыян келүүдө + аудио

709

Ооган-талаа айылында таштанды маселеси күч алып жатат. Бул маселеге эч ким көңүл бурбайт. Ичимдигин ичип, анын бөтөлкөсүн көрүнгөн жерге таштап кетишет. Таштандыны туш келди төккөндөр эми айып пулга жыгылат, дейт айыл башчысы Муктар Дөлдөев.

IMG-20140523-WA0011

Байэл сегиз жашта. Ал бөтөлкө сыныгынан бутун тилдирип алган.

«Кечээ ооруканадан чыктым. Мен досторум менен таштандынын жанында ойнодум эле. Бутумду шише тилип кетти. Мындан ары таштандынын жанында ойнобойбуз”,-деп айтып берди Ооган-Талаа айылынын жаш тургуну Байэл.

Ооган-Талаа айыл тургундарынын айтуусу боюнча, таштанды төккөнгө жер жок. Ошондуктан адамдар ар жакка таштап жатышат. Жадагалса окуучулар көчөлөргө ар кандай кагаздарды ыргытып кетишет. Бир гана окуучулар эмес, дүкөн ээлери жана улуу ак сакалдар да таштандыны туш келди калтырышат.

“Азыр кошуналар бир бирине айтышат сен аны тыштаба сен муну тыштаба деп. Атайын жай жоктугунан ушул жерге алып келип таштап атышат” ,- деп билдирди айыл тургуну.

Таштандынын кесепетинен жаратылыштын көркү бузулууда. Жаш балдардын ден-соолугуна залал алып келүүдө. Кара-Үңкүр дарыясына алып барылган таштандылар коңшу айылдагыларга агып барат.

IMG-20140523-WA0008

“Ушул таштандылардан жаман жыттар келет. Андан сырткары таштандылардан ар кандай оорулар балдарга жугат»,-дейт Ооган-Талаанын тургуну.

Ооган-талаа айыл башчысы Муктар Дөлдөевдин айтымында, ар жылы ишембиликтердин программасы түзүлөт. Айылда ар бир көчөдө тазалыкка жоопкер бирден киши дайындалган. Таштандыларды туш келди ыргыткан кишилерге айып салынат.

«Азыр бизде заводдун ары жагында кичине жерибиз бар. Айылдык кеңеш тарабынан мыйзам чыгарылып ошол жерге таштандылар төгүлүп жатат. Бирок бул убактылуу эле. Дагы кеңейтип бир жерди ачабыз деген оюбуз бар. Өкмөткө бул сунуштар угузулган, өкмөт да билет»,-деп түшүндүрдү айылдагы таштанды маселесин айыл башчы Дөлдөев.

Элдер ишембилик өткөргөнү аракет кылышат. Бирок ишембилик өткөрүлүп, таштандылар топтолсо да, дарыянын жээгине төгүлөт. Төгүлгөн таштандылардын жагымсыз жытынан жеке эле ошол жерде жашаган адамдар зыян көрүшпөйт. Ошондуктан ар бир айыл тургуну өз айлана чөйрөсүндөгү тазалыкты камсыздаш керек.

[soundcloud id=’150722239′]

Автор: Мираида Кубанычбек кызы, Чолпон Биймурзаева, Жайлоокан Анарбек кызы, Айшоола Темирова, Эльзира Каныбекова