Кызыл-Булак: Бала бакчада орун жетишпейт + аудио

1114

Кулатов айыл округуна он айыл карайт. Бирок болгону эки гана бала бакча бар. “Эргеш Садыбакасов” бала бакчасында 50 бала, “Арык-Тейит Нуру” балабакчасында 60 бала тарбияланып жатат. Быйыл дагы эки бала бакча курулуу алдында турат. Бири Кожо Арык айылына, экинчиси Куумайдан айылына, деп билдирди айыл өкмөтү Нурдин Мадимаров.

wpid-20140128_1255031
Кызыл-Булак айылындагы балдар бакчасында тарбияланган наристелер

Кызыл-Булак айылынын Кайырма деген бөлүгүндө бала бакчасында балдар көп. Кээде бир керебетке экиден бала жатат.

Бурул Арыкова Айбашов мектебинде директордун орун басары болуп иштейт. Анын төрт небереси азыр балдар бакчасына барбай калды.

“Жашаган жерим Ак-Терек участкасы болуп эсептелинет. Ошол жерде менин төрт неберем бар. Мен неберелеримди Садыбакасов атындагы бала бакчага алып барам. Ал биздин жашаган жерден бир топ алыс жайгашкандыктан, мен неберелеримди бала бакчага бере албай калдым. Мүмкүн болсо жакынкы айылдарга да бала бакчалар салынса»,-деген оюн билдирди Арыкова.

Бала бакча жоктугунан айылдагы башка тургундар да кыйналып жатат. Зуура Турдубаева небересин коңшу айылдагы бала бакчасына алып барат. Ал жакыныраак жерде бала бакча курулса деп кыялданат.

“Мурда Советтер Союзунда балдар бала бакчаларда тарбия алышчу. Азыркы мезгилде бала бакчалардын жетишсиздигинен көп балдар кароосуз калууда. Мен өзүм неберелеримди Кызы-Булак айылынан алыскы “Арык-Тейит Нуру” бала бакчасына алып барам. Жол алыстык кылат, биздин айылыбызга да бала бакча ачылса деген ниет кылам»,-дейт Турдубаева.

wpid-20140128_1256411
Кызыл-Булак айылындагы балдар бакчасы

Арык-Тейит Нуру бала бакчасында 14 киши иш менен камсыздалган. Дагы эки бөлмө куруп берсе, балдарды үч тайпага бөлүп окутат элек, дейт тарбиячы Мартаба Эсенбаева.

“Бала бакчанын шарттары жакшы, бирок өзүнө жараша кемчиликтери бар. Алсак бала бакчанын айланасын короо кылып тосуу керек. Балдар башка адамдардын короолоруна ойноп кирип кетишет»,-деп түшүндүрдү тарбиячы Эсенбаева.

Балдардын тамагына айыл өкмөттөн тогуз сом каралган, а калганын мамлекет каржылайт, дейт айыл өкмөт башчысы Нурдин Мадимаров.

“Азыр биз эки бала бакчаны айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Бири Кожо-Арык айылында элүү орундуу, экинчиси Куу-Майдан айылында сексен орундуу бала бакчаларын курулмакчы. Долбоордун сметалары даяр болду, эми май айынын аягында тендерге кергизилет»,-деп билдирди Кулатов айыл аймагынын башчысы Мадимаров.

[soundcloud id=’150728263′]

Автор: Айкын Шаирбек уулу, Гүласал Абдиламит кызы