Учкун: Турдубүбү апанын жети жылдык тилеги орундалмакчы

975

image

Турдубүбү апа мындан жети жыл мурун эле мечиттин курулушуна атайын долбоор даярдаган.

image

Турдубүбү апа мечиттин курулушуна демөөрчү көп убакыт таба албай жүргөн. Үч жыл мурун БДЖФ (Буткул Дуйнолук Жаштар Федерациясы) доолборго колдоо көрсөтүүгө макулдугун берген. Анын жыйынтыгында БДЖФ 21.000 долларлык долбоордун 30 пайызын айыл тургундарынын салымы менен, калган бөлүгүн болсо өздүк каржылоосуна алган.

image

Мечиттин курулуш иштери 2014-жылдын апрель айынан башталды. Курулуш иштерине айылдын жаштар уюмунун мүчөлөрү жигердүү жардам көрсөтүүдө.

wpid-img_7531

«Эгерде айыл эли ушинтип жапа тырмак туруп жардам көрсөтүшсө, мечиттин курулушу орозо айына чейин аяктап калат»,-деп Турдубүбү апа белгилеп өттү.

image

Ошентип Турдубүбү апанын жети жылдык тилеги өз үзүрүн берээр алдында турат.

Авторлор: Алмаз Эшбаев, Жапар Аскаров