Учкун: Мектеп окуучулары Жеңиш майрамында салтанат уюштурду

2421

wpid-img_7010

Нарын районунун Учкун айылындагы Э. Токсобаев орто мектебинин окуучулары Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата «Эч ким, Эч нерсе унутулбайт» атуу салтанат уюштурду.

wpid-img_70281
Салтанатка айыл ардагерлери чакырылды.

Кечеде, согушта курман болгон жоокерлерге куран окулуп, чакан сценкалар, ыр-бийлер, спорт оюндары менен коштолгон парад болуп өттү.

wpid-img_7012

Аксакал ата, апаларыбызды айылдык кеңештин депутаттарынын салымы менен даярдалган дасторкон үстүндө сыйлоо менен салтанат аяктады.

wpid-img_7139

Биздин жыргал заман үчүн курман болгон жоокерлерге таазим!

Авторлор: Жапар Аскаров, Алмаз Эшбаев