Учкун: айыл суугат суусуз калуу коркунучу алдында турат

2646

image

Нарын районунун Учкун жана Сары-Ой айылдарына тоннель менен агып келген суунун үстүнөн унаа жолу өтөт. Мындан улам суу тоннели оңдоп-түзөөгө муктаж. Өз убагында бул иштер аткарылбаса, айыл тургундарына чоң коркунуч жаралат, дейт Учкун айылынын башчысы.

Эки айылдын шайлоочуларынын суроо талабы менен курулган тоннель 1970-жылдары Турдакун Усубалиев ЖКнын депутаты болуп турган кезде ишке берилген.

wpid-img_7894

Тоннельдин үстүндөгү «Куланак магистралдык каналы» (КМК) Учкун айылынын 2200 гектар, Сары-Ой айылынын 1800 гектарга чейинки жер аянттарын суу менен камсыз кылат. КМКнын жалпы узундугу 33 километрди түзөт.

wpid-img_7919

Учкун айыл башчысы Касмакун Мамырбаев суу тоннелин оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүү керектигине төмөнкүчө токтолду.

«Бул тоннелди тезинен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөсө Учкун, Сары-Ой айылдарынн тургундарына чоң коркунуч жаралат — айылдар суугат суусуз калат»,-деп белгилеп өттү айыл башчы.

image

Мамырбаев кошумчалагандай, оңдоп-түзөө иштерине Нарын областтык Суу-чарба башкармалыгынын каражаты жетишсиз болгондуктан, кошумча акча каражаттарын табуу аракеттери жүрүүдө.

image

«Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү биз көтөргөн маселени жеринен келип көрүп, туура чечим кабыл алаарына ишеничибиз чоң»,-деп кошумчалады Мамырбаев.

Авторлору: Алмаз Эшбаев, Жапар Аскаров