Жал: Таштандынын айынан ооруга чалдыккандар арбын

948

2 (1)

Мурда айылдын жашоочулары таштандыларын Төмөнкү Орокто жайгашкан ойдуңга ыргытып келген болсо, 1990-жылдан бери ал жай жабылган. Учурда тургундар таштандыларды айылдын чеке-белине төгүшөт.

Жал айылынын тургуну Света Жумалиева учурда пенсия курагында. Андан сырткары ал дүкөнүндө соода менен алектенет. Айылда таштанды боюнча, ар бир көчөдө бирден башчы шайланса, анан ал айылды кыдырып текшерип турса дейт.
2 (2)
“Айыл тазалыкты сактабайт, керек болсо таштандыны үйүп туруп эшик алдына ыргытып койушат. Үйдүн ээлери тазалыкты сактаса жакшы эле болмок. Мен баарын терип чыгам, жадагалса кошуна-колоңдордун таштандыларын терип жыйнап, өрттөп салган учурлар болот”,-деп айтты Жумалиева.

Жал айылынын дагы бир тургуну Тагайбектин айтымында таштандыларды ташый турган машина айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсе жакшы болмок.
2 (3)
“Биздин айылда таштанды чогулта турган же таштандыларды ташый турган машиналар жок. Айыл өкмөтү Жал айылына бир унаа бөлүп берсе жакшы болмок. Биз деле акчасын төлөп берет элек”,-дейт ал.

34-жылдан бери ГСВнын жетекчиси, химиялык башчы Турдукан Ормушалиевна айылдагы таштандылар ар кандай оорулардын козгогучу дейт.
2 (4)
“Таштандылардан эң башкы оруу эхинокок, альвиакок оорулары жугат. Ичеги-карынга таасир берүүчү ар түрдү курттар да бар: мите, жумуру курттар, аскорида. Таштандыларды балдар кармашат, дем алганда өпкөгө суу аркылуу түшөт да. […] Оруунун кесепетинен катталгандар 9,9.5-мин болуп жатат, ал эми катталбагандар дагы аябай көп”,-деп билдирди Ормушалиева.

Автор: Улан Болотбеков, Азат Жолдошбек уулу, Бексултан Амантур уулу