Куланак: Ичүүчү суусу жок болгон Таштанбек көчөсүнө суучоргосу орнотулду

759

«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды

2 (7)

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын көчөлөрүнүн биринде ичүүчү суучоргосу жок болчу. Алар айыл түптөлгөндөн бери эле ичүүчү сууну жарым чакырым аралыкты басып өтүп алып келишкен.

Куланак айылынын көчөлөрүнүн бири Таштанбек көчөсүнүн ылдый жагында жашаган тургундар айылдык депутаттар менен биргеликте таза суу маселесин чечип алгандай болду.

Назгүл Жусубалиева ушул көчөнүн жашоочусу. Анын айтымында, Таштанбек көчөсүнө суучоргосун орнотконго чейин алар айылдагы башкы көчөгө эшек, аттарга флягаларды жүктөп ташычу. Азыр эми жыргап калдык, дейт ал.

2 (6)

“Биздин ушул көчөдө жашаганыбызга 20 жылдан ашып калды. Буга чейин жакшы эле кордук көрдүк. Биз сууну өзүбүз, кээде балдарыбыз алыс жерден, айыл ичинен барып жарым чакырым алыстыктан алып келчүбүз. Көчөбүздө суу чыккан жакшы экен, жыргап калдык”,-деп айтып берди Назгүл Жусубалиева.

Ушундай ийгиликтерге жеткирген депутаттарга рахмат. Султанбек Абдыжакыпов, Нурлан Орозакунов, Камчыбек Болотбек уулу транспорттон жардам беришти.

2 (8)

Андан сырткары биз да, көчөнүн жашоочулары акча чогултуп, суу түтүктөрүн сатып алып, таза суу чыгарганга аракет кылдык. Өмүрүбүзгө өмүр кошулуп, азыр эми жакшы болуп калды.

Автор: Дания Талгатбекова