Ооган-Талаалык ишкер айым: Ачарчылыкта элге он килограммдан ун бергем

755

Толгонай Көчкөнбаева “Нооруз” дүкөнүнүн ээси. Ал кырк жылдан бери соода тармагында иштеп келет. Келечекте дүкөнүн кеңейтүүнү пландоодо.

-Мен Толгонай Көчкөнбаева дүкөнүмдү 1975-жылдан бери иштетип келем. 1996- жылы ушул дүкөндү жеке менчикке өткөрүп алдым. 1999-2006-жылга чейин соода кылып иштетип жүдүм. 2006-жылы дүкөнүмү чоңойтуп алдым.

wpid-20130724_101656

— Ооган-Талаа тургундарына рахмат. Mага тез-тез келип соода кылып турушат. Мен насыяга берип турам, анан маянасын алганда кайтарып беришет.

Ушул тармакта иштеп жүрүп, беш баламды окуттум, баары жогорку окуу жайларын аякташты. Баары азыр иштешет.

IMG-20140416-WA0028

— Ал эми ушул даражага жетиш үчүн адал иштеп акча таптым. Биринчиден элдин аманчылыгын тилейм. Элде болсо, бизде да болот экен. Мына эми ушинтип элдин керегине жарап турам.

IMG-20140416-WA0029

— Башкалар тогузда турса, мен беште туруп, самсы, пирожки, блинчик бышырам. Kелечектеги пландарым болсо, элге мындан да көбүрөөк шарттарды түзүп берейин дейм. Мисалы олтуруп тамак жеп, эс алганы чайхана курсамбы деп жатам.

IMG-20140416-WA0031

— 1999-жылы айылда ачарчылык болуп, Чарбактагы, Кызыл-Суудагы, Боокол көчөсүндөгү кыйналган элге ошол убактагы айыл өкмөт Равшан Кочкоров экөөбүз он килограммдан ун бергенбиз.

IMG-20140416-WA0032

IMG-20140416-WA0033

-Жакын бир айылдашымдын үй бүлөсүнө ун-май берип кол кабыш кылып турам. Баласы менин үйүмдө жашайт. Аны мен каралашам. Аллах мага берип турса, мен колунда жок адамдарга жардам берип турганы ар дайым даярмын.

Маектешкен Айсулуу Эркинбекова