Орок: айылга жаңы автобус каттамы ачылды

882

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан тарта Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында биринчи жолу автобустук каттам ишке кирди. Айыл тургундары автобустун эрте токтоп калып жаткандыгына нааразы болууда.

20140326_101002

Орок айылдык аймагынын башчысы Аида Бейшенованын айтуусу боюнча 2014- жылдын мартында айылдык жыйналыш болуп, анда айылдын тургундары жана айыл өкмөтү Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаевден айылдын транспорт көйгөйүн чечип берүүсүн өтүнгөн.

Аким Аманкан Батырбекович айылдын тургундарына жана айыл өкмөтүнө сөз берип, 15 күндө бул маселени чечип берээрин айткан.

Аким Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы менен сүйлөшүп 8-автобусту, 348-маршрутканы биздин орок айыл өкмөтүнө жиберген.

Ошентип айылдын тургундарынын демилгеси жана аким Аманкан Батырбековичтин жардамы менен транспорт маселеси чечилгендей болду.

DSC_0214

“Учурда автобус саат алтыда токтоп калгандыктан, биз Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына документ даярдап жатабыз. Ал документ боюнча 8-автобус саат 7-8ге чейин узартылат. Жай башталгандан кийин айыл тургундары кеч келе баштайт, ошондуктан биз автобустун иштөө тартибин кечки саат 10-11ге чейин узартууну сүйлөшүп жатабыз”,– деп айтты Орок айылдык аймагынын башчысы Аида Кошоевна.

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 5-курста окуп жаткан айылдын тургуну Гүлжан автобустук каттамдын ачылышы тууралуу мындай дейт:

DSC_0216

“8-автобус абдан ыңгайлуу, өзгөчө студенттерге. Себеби автобустун ичи кенен, жол киренин баасы абдан ылайыктуу. Автобустардын арасындагы убакыт жакшы болду ¬- ар 15 мүнөт сайын келип турат, кечке күтпөйсүң”,-деген оюн билдирди айылдык студент кыз.

Ал эми 8-автобустун бригадири, айдоочусу Абдыжалил Абдазов болсо, мурда башка каттамда иштеп, ал жакта жумуш жакшы болбогондуктан жаңы ачылган Орок-Бишкек каттамында эмгектенип жаткандыгына токтолду.

“Менин бул автобуста иштегеним 8-9 жыл болду. Негизинен мен 17-18 жашыман баштап унаа айдап келе жатам. Мурун биз Чоң арыкка катап турчубуз. Ал жакта жумуш жакшы жүрбөгөндүктөн биз сунуш кылып, ушул маршрут боюнча жүрөлү дедик. Чоңдор бизге бул маселени чечип берди. Ошентип биз ушул маршрут боюнча жүрө баштадык”,-дейт автобустун бригадири Абдыжалил Абдазов.

Айыл өкмөт башчысынын айтымында, Орок айыл аймагында 9,5 миң киши жашайт.

20140326_100953

Транспорт боюнча маселе эң көйгөйлүү болгондуктан, айылдын тургундарынын өтүнүчүн эске алып, айыл өкмөтү 2010-жылдын сентябрынан баштап кат аркылуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына кайрылып келген.

Автор: Бексултан Амантур уулу