Токтоян: Айылдык чогулушта жазгы жайыт маселеси талкууланды

980

Токтоянда айылдык чогулуш болду. 8-апрелдеги курултайдын башкы маселесине жазгы иш чаралар жана мал чарбасы тармагында иштер киргизилди. Мында айыл тургундарынын жайыттар боюнча ой пикирлери жана сунуштары угулду.

image

 

image

Айылдын жашоочулары жазында малдарын жайлоого берүүгө даярданып жатышкандыгын жана малдарга төлөнчү акынын баасын бир баага гана коюну суранышты.

Айыл башчы Айбек Алмабеков бодо малдардын жана кой эчкилердин баасын мурдакы жылдан бир аз жогорулагандыгын билдирди.

«Бодо малдын баасы жайыт акы ичинде 200 сом болсун. Малчылар менен өзүңөр да келишим түзөсүңөр»,-деди айыл башчы Алмабеков.

image

Айыл тургундары малчылардын да көйгөйүн караш керектигин айтышып, жыйынтыгында бодо малдарга 200 сом, ал эми кой эчкилерге 40 сомдон болушуна токтолушту.

image

Айыл башчы Алмабеков бул келишимге макул болуп, андан сырткары жер айдоо боюнча сөз кылып кетти.

Автор: Жеңиш Таштанбеков