Куланак: Жеңишгүл Султанова сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнап келүүдө

885

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Лениндин 100 жылдыгына карата медалынын, Кыргыз ССРинин ардак грамотасынын ээси,  бир нече жолку Нарын областтык, райондук кеңешинин депутаты Жеңишгүл Султанова өзүнүн сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнады.

image

Нарын облусунун ардактуу атуулу наамын алган Жеңишгүл Султанова ардактуу эс алууга чыкса дагы жаш адистерге жана кызы дарыгер Майрам Кочиевага баалуу кеп кеңешин берип, көп жылдык тажрыйбасын бөлүшүп келет.
image

2009-жылы көп жылдык эмгеги үчүн өзү иштеген Куланак айылдык участкалык ооруканасына ысымы берилген.
image

«Мен 1942-жылы Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулгам. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик мединститутунун педиатрия бөлүмүн аяктап, эмгек жолун Куланак участкалык ооруканасынан баштадым. Бир уул, төрт кыздын энесимин, неберелеримдин чоң эне,  таянесимин. Азыркы убакта ардактуу эс алуудамын, үй тиричилиги менен эле алектенем. Жээн неберелерим менин жолумду жолдоп мединститутунда окуп жатышат»,-деп жашоосунун кызыктуу көз ирмемдери менен бөлүштү Жеңишгүл эже.
image

Ардактуу эс алууга чейин элге кызмат кылып, учурда өмүрлүк жолдошу Токтобек Кочиев менен бактылуу өмүр сүрүүдө.

Автор: Дания Талгатбекова