Кызыл-Булак: Беш айыл үчүн бир балдар бакчасы

2519

Биздин Арык теит айылындагы «Нур» бала бакчасы 2004-жылы ачылган. Бул бала бакчага беш айылдан балдар келет. Себеби башка айылда бала- бакча жок. Учурда балдар  мектепке чейинки билимди ушул жерден  алууда.

image

«Бала бакча негизи 60 балага ылайыкталган. Башка айылдан келген балдарды орун жетпей, кабыл албай койгон учурлар да болот. Ата-энелер менен байланышыбыз өтө жакшы, алар ар тараптан колдоо көрсөтөт. Ал эми  айыл өкмөттөн да ар кандай жардамдар келип турат. Азыр 60 баладан 30 баланы мектепке даярдап жатабыз»,- деди «Нур» балдар бакчасынын директору Осмонова Карамат.

image

«Кызымды бала бакчага алып келип, кайра алып кетүүдө кыйынчылыктар болот. Мисалы жолдун алыстыгы. Өзүбүздүн айылда бала бакча жок болгондуктан коңшу айылга алып барам»,-деди жумушунун айынан баласын бала бакчага берген Сабирова Наргиза.

image

«Бала бакчага баламды берип тушундум баланын аң сезимин өстүрүп, башка нерселерге да кызыгуусун арттырат экен. Баламда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат, мисалы үйгө келип тамгаларды сурайт, эжейлери үйрөткөн ырларды кайталайт»,-деди дагы бир айылдын тургуну Сакиева Элиза.

image

image

Автор: Таштемир кызы Айбурул