Кызыл-Булак: Адеп сабагынан конкурс болуп өттү

3110

Мусаева Шырман эжеке Т. Айбашев орто мектебинин математика жана адеп мугалими. Эл агартуунун, профсоюздар кеңешинин мыктысы жана бир канча төш белгилердин ээси болууга  жетишкен. 42 жылдын ичинде үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Окуучуларга жана жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүп, өз жардамын берип келет. Учурда адеп сабагынан конкурс уюштуруп, сабагы кызуу жүрүүдө.

image

«Бул конкурс 2 класстын ортосунда «Ат адамдын канаты» атуу жыйынтыктоочу сабак болду. Мында кыргыздын улуттук кийимдери, каада- салты жана, чыгармалары жөнүндө баяндалды»,-деп билдирди Мусаева Шырман эжеке.

image

«Мен өз кесибиме эч качан нааразы болгон эмесмин. Азыркы күндөрдө да окуучуларга берген билимдерим натыйжасын берип, түшүмүн көрүп турамын»,-дейт Мусаева Шырман.

image

Менин чарчоом да, чарчоомдун черик да мектеп жана балдар. Окуучуларды жана кесиптештеримди көрүп, кандайдыр өзүмчө бир ырахат аламын»,-деди Мусаева Шырман.

image

Автор: Жумабаева Айгерим, Курбанбек кызы Бурулай.