Кызыл-Булак: айылда жаңы билим уясы ачылды

898

2010-жылдагы болгон жер титирөөдөн мектеп жараксыз абалга келип калган. Ошондон көп өтпөй эле жаңы мектеп курула баштаган. Азыркы күндө мектеп ар тараптан камсыз болду.

image

«Бул мектептин курулуусу оңойго турган жок, көп кыйынчылыктар болду. Бирок кыйынчылык өтүп кетти. Буйруса жаңы имаратка киргени турабыз. Бул имараттын курулуусун биздин депутат Төрөбай Зулпукаровдун салымы чоң. Ошону менен бирге өкмөттүн, ата-энелердин, мугалимдердин, окуучулардын салымы өзгөчө»,-деди Надиров орто мектебинин мугалими Кыямидинова Бүсайра.

image

«Эски мектеп, Дүйшөндүн мектеби кандай болсо, ошол мектептин абалындай болчу,  төрт чатырды бириктирип эки кабинеттен туруп, окуучулар окуп жаткан»,- деди ата-энелердин бири Жунусбаева Бүайша.

image

«Жаңы мектептин ачылганына биз өтө кубанычтабыз. Эски мектепте окуганда, качан кулап калат экен деп, коркуп да отурчу элек. Бирок ошондой болсода, 21 окуучу зоналык олимпиадаларда жеңди. Азыр буйурса мындан кийин андан да көп жетишкендерге жетебиз деген максаттарыбыз бар»,-деди Надиров мектебинин окуучусу Каримов Самат.

image

Даярдагандар: Жумабаева Айгерим, Медетбек кызы Айчүрөк, Таштемир кызы Айбурул, Кубанбек кызы Бурулай