Куланак: «Таңгабийке-Бердике» бала бакчаксында сынак болуп өттү

634

суроттор 304

Аталган бакчада балдар арасында «Кош бол алтын күз» деген темада сынак болду. Сынакка балдар жаш өзгөчөлүгүнө карабастан Күзгү колекцияга өз ойлорун жеткиликтүү топтоп жакшы даярдыкта катышкандыгы көрк кошуп турду.

Конкурска төрт тайпанын балдары катышып, берилген тапшырмаларды так жана туура аткарууга аракеттенип, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Балдардын ата-энелери балдарынын аткарган ыр-бийлерин, өнөрлөрүн көрүп абдан кубанышты.

суроттор 316

Ата-энелердин бири уюштуруучуларга төмөнкүдөй ыраазычылыгын айтты.

«Мен биринчиден айтаарым ушуну уюштурган тарбиячыларга ыраазычылык билдирем. Мындан аары дагы ишинер ийгиликтүү болсун! Келечекте дагы көп көп жаш муундарды тарбиялай бергиле»,-деп өз ыраазычылыгын билдирди.

Автор:Газель Русланова,Жазгүл Кадыралиева