Куланак: Аралбаев мектебинде СПИДке каршы таймашта 9-б класс жеңди

846

XXI кылымдын «чумасы» аталган Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү Куланак айылынын Аралбаев орто мектебинде белгиленди. Аталган мектептин 9-класстар арасында СПИДке каршы таймаш болуп өттү.

image

Командалар «Ак жол», «Жалын жаштык» деген ат менен стенгазеталарын жакташты. Атайын даярдалган номерлеринде «СПИД менен ооруган адамдын тагдырын» чагылдырып беришти.

image

Жыйынтыгында 9-б класс 47 балл менен жеңишке ээ болду. Ал эми  9-а классынын окуучулары 46 балл топтошту.

9-а классынын окуучуларына ден соолук, ийгиликтерди, мындан аркы сыныктардагы жетишкендиктерди каалайбыз.

image

Андан сырткары мектепте «Биз СПИД бар өлкөдө жашайбыз» деген темада 10-классы тегерек стол өткөрүштү. Анда окуучулар дубал гезиттерин талкуулашты.

Бул жыйынга айылдын медицина кызматкерлери Чүкүшова Гүлзамира жана Акмолдоева Гүлгаакы эжелер келип, тереңирээк маалымат беришти.

image

«Биздин чөйрөдө СПИД менен ооруган адамдар жок эмес. Аларды сырткы келбетинен эмес, кандын анализи менен гана биле алабыз. Бул ооруну жугузуп албоо үчүн сак болуп, өз гигиенанарды сактагыла»,- деп өз кеңешин, акыл насаатын окуучуларга айта кетти Гүлзамира Чүкүшова.

Автор: Дания Талгатбекова