Токтоян: Суучулар айлык акысын эки айдан бери ала элек

549
________1191
Токтоян айылында суу алып жаткан тургун

Токтоян айылынын тургуну Азамат Үсөнов айылды таза суу менен камсыздаган бригадада сантехник болуп иштейт. Адамдар сууга акча төлөбөй жаткандыгы үчүн айлык акысын эки айдан бери алыша элек.

“Кээ бирө бар сууга такыр акча бербегендерден. Эми элдер деле акчасы жок болуп бере албай жатат да”,- деди сантехник Азамат Үсөнов.

Токтоян айылдык суу иштери боюнча башчысы Темир Жумалиевдин билдиришинче, жашоочулар негизинен каражаты жок болуп жетишпей калганда мындай кырдаал жаралаарын айтат. Ал кошумчалагандай, сууга акча бербеген адамдарга атайын чара дагы көрүлөт — бул айылдык соттун чечими.

«Адамдар сууга акча төлөбөгөн кезде деле сууну жаба алышпайт. Анткени айыл тургундарынын жарымынан көбү акча төлөп, аз гана санда акча төлөбөгөндөр болсо, сууну жабууга туура болбой калат. Негизинен адамдардан алган акчаны суучулардын айлык акыларына, керектүү буюмдарга, налог жана башка нерселерге жумшайбыз»,-деп бөлүштү Жумалиев.

“Акча жетпей калып карыздарыбыз көп да, налог, соцфонд дегендер, биз өзүбүз негизи айлык акыны ала элекпиз, унутуп деле калдык” Темир Жумалиев.

Токтоян айылынын башчысы Айбек Алмабеков суу кызматында иштеген беш кызматкерге айлык акылары акырындык менен төлөнүп берилээрин билдирди.

“Аларга деле каршылык жок. Эми убактылуу акча болбой жатат. Эми адамда деле түшүнүк бар да, акырындык менен алардын акылары чогултулуп берилет”,- деди айыл башчы Айбек Алмабеков.

Автор: Жеңиш Таштанбек уулу