Токтоян: Информатика сабагында беш окуучуга бир компьютер туура келет

1247

20131101_075321DКоёнкөзов орто мектебинин окуучулары аптасына эки же үч жолу информатика сабагын өтүшөт. Бул сабакта окуучуларга бир гана ыңгайсыздык бар — ар беш окуучу 45 мүнөтүн бир компьютердин алдында өткөрүүгө тийиш.

Алишер Эрмек уулу Токтоян айылындагы Коёнкөзов орто мектебинин 10-классынын окуучусу. Информатика сабагын ал жакшы түшүнбөйт. Анын себебин төмөнкүчө баяндады.

“45 мүнөттө биз компьютерлерди баскылап деле үлгүрбөйбүз. Окуучулардын баары сабакка келсе, анда төрт-беши бир компьютерге отурат. Толук келбесе, анда эки-үчтөн болуп олтурабыз. […] Сабакты чынында жакшы түшүнбөйбүз”,-дейт Алишер.

9-классынын окуучусу Гүлжан Нуркасым кызы болсо компьютерлер бузулуп азыр сабакты жакшы билбейбиз, деген оюн айтты.

“Информатика сабагын өткөндө биз сабакты жакшы түшүнө бербейбиз. Анын себеби компьютерлерге кирип программа түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Биз дептерлерге эле программа чийип, ошол жол менен түшүнүүгө арекет кылабыз”,- деп айтып берди Гүлжан Нуркасым кызы.

Коёнкөзов мектебинин информатика мугалими Назира Орозбекова практикалык сабактар аз гана өтүлөөрүн мындайча түшүндүрдү.

“Информатика кабинетинде болгону төрт-беш компьпютер иштейт. Сабакта бир компьютерге беш-алты окуучудан отургузуп сабак өтөбүз. Мамлекеттен аз акча бөлүнүп, ал акчалар бир гана компьютерди оңдогону жетип калат. Ошондо информатика сабагына кызыкчылык аз бөлүнүп, балдар жеткиликтүү билим ала алышпайт”,-деп кошумчалады Назира Орозбекова.

Мектеп директору Калык Албанов  кампьютерлерди оңдоого акча каралганын, ушул жылдын аягына чейин оңдоло тургандыгын айтты. Быйылкы сметанага киришкен 2013 жылга. Бирок ошол акчалар келе элек, келсе дароо оңдотобуз.

“Окуучулар иштеп турган компьютерлер менен сабак өтүшөт, бирок баарына жетпейт, жетсе абдан жакшы болмок. Бары бирдей терең билим алышмак. Азыр болсо терең, жеткиликтүү билим ала албай жатышат”,-деди мектеп директору Албанов.

Өткөн жылда 70тен ашуун мектеп компьютер жана принтер жабдыктары менен камсыздалаган. Быйыл бюджеттен акча бөлүнүп калса респулика боюнча дагы жүздөй мектепке компьютер орнотуу мерчемделгенин белгилеп өттү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы инфраструктура жана сатып алуу секторунун жетекчиси Бакыт Кадыркулов.

Автор: Жеңиш Таштанбек уулу