Куланак: Мектеп жакшы жылыбайт

3018

Аралбаев орто мектебинде термометр үч даража жылуулукту көрсөтүүдө. Окуучулардын айрымдары сууктан колдору  үшүп, сабакта активдүү катыша албай жатышкандыгын айтууда.

image

Расул Болот уулу мектептин 7-классынын окуучусу. Сууктан колу үшүп, сабакка катышкысы келбей жаткандыгын айтты.

«Менин колум үшүп сабакка катышкым келбей жатат. Мектеп директоруна кайрылуу керек»,-деген оюн билдирди Расул.

image

Аралбаев мектебинин дагы  бир 9- классынын окуучусу Кундуз Темирбекова  мындайча токтолду.

«Кышында жылуулук берилип, кичине болсо да жылыйт. Ошентип кыштан чыгып кетебиз»,-дейт Кундуз.

image

Мектептин мугалими  Элзада Иманкулова болсо катуу суукта окуучуларды күнгөй беттеги класстарда окутууга туура келет дейт.

image

«Мектепке жылуулук берилсе да, суук болуп турат. Суукка байланыштуу башка күнгөй беттеги класска окутууга туура келет»,-деди мектеп мугалими Иманкулова.

Аралбаев мектебинин директору Чынара Абдыкадырованын айтымында, эшик-терезелери чоң болгондуктан мектеп жакшы жылыбайт.

image

«Мектептин жылуулук системасы эскиргендигине жана терезелери чоң болгондугуна байланыштуу жакшы жылыбайт. Бирок жылуулук системасын кайра жаңылантуу үчүн ар кандай каражаттарды издөөнүн үстүндө иштеп жатабыз»,-деди Чынара Абдыкадырова.

Автор: Сезим Ажыбек кызы, Перизат Кубанычбекова.
Сүрөт: Зулайка Мирлан кызы