Токтоян: айылга дарыкана керек

889

Токтоян

Токтоян кыштагынын жашоочулары сыркоолоп калганда дары-дармек үчүн жергиликтүү дүкөнгө баш багышат. Керектүү дарысын таба албай калса, аргасыздан оорусуна чыдап кайра үйүнө барууга туура келет, же 40 километрден ашык аралыктагы район борборуна каттоого тийиш.

Буга чейин дары-дармектердин айылдагы азык-түлүк дүкөндөрүндө сатылышы тууралуу жазган элек. Азыр Токтоянда абал ошол бойдон. Жашоочулар баштан өткөргөн ыңгайсыздыктарын биз менен бөлүшүп, алардын оюн айыл-өкмөт жана тиешелүү мекемелерге жеткирүүгө аракеттендик.

Бир нече убакыт мурун 17 жашар Кемелдин тиш оорусунан дары-дармек издеп айлындагы дүкөнгө барган. Керектүү дарысын таба албагандан соң оорусуна чыдоого туура келген. Көп өтпөй атайын медициналык каражаттар менен дарылангандын ордуна ал тишин жулдуруп салган.

“Үч күн катары менен тишим ооруган. Дары алайын десек дарыкана жок, дүкөнгө барсак же ал жерден дары таппайсың. Шаарга баралы десек ал да алыс. Анан коңшу айылга барып тишимди жулдурууга туура келди”,-деп айтып берди өз окуясын айыл тургуну Эмил уулу Кемел

Эмил уулу Кемел тишин жулдуруш үчүн 10 километрдей алыстыкта жайгашкан коңшу айылга жөө барып келген. Анын себеби өздөрүнүн унаасы жок.

Токтояндын дагы бир тургуну Гүлжан тамагы ооруп дүкөндөн дары сатып ичип, оорусу айыкпай кайра кыйналган.

“Айылдын баары эле дарыкананын жоктугунан ушул дүкөндөн дары алып ичишет. Атайын дарыкана болгондо адистер кеңешин айтып дары сатып алмакпыз. Дүкөндө антип кеңеш айтышпайт”,-деген оюн айтты Гүлжан Нуркасым кызы.

Айылдагы дүкөндө керектүү дары табылбай калса, анда районго барууга туура келет. Айыл менен райондун аралыгы болсо 40 километрден ашат.

Эгерде дарынын баасы 50 сом болсо, анда районго барып аны алып келүү үчүн жол кире менен 200-300 сомум кетип калат, деп кошумчалады Гүлжан.

Айыл башчысы Айбек Алмабековдун белгилешинче, Токтоянга дарыкана курулбай калгандыгынын себеби бул кыштак район борборунан узак жайгашкан.

“Айылдагы дүкөндөрдө дарылардын баасы Каракол, Түптөгү менен бирдей, атайын витриналарда сатышат. Дарыкана ачалы деген планыбыз бар, ФАП менен сүйлөшүп жатабыз”,-деп түшүндүрдү Айбек Алмабеков.

Бир жарым миңдин тегерегиндеги айыл жашоочуларынын ден-соолугун жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункту (ФАП) өз мүмкүнчүлүгүнө жараша текшерет. Келген оорулуунун илдетин аныктап ага ийне сайып, же дары жазып берет, же болбосо аны райондук ооруканаларга жиберет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти бул маселе тууралуу кайрылганыбызда жеткиликсиз бойдон калды.

Дары-дармек менен камсыздоочу жеке компаниялардын бири бизге берген маегинде дарыкана салуу үчүн ошол жайдын калкы төрт миңден ашуусу керек, деп билдирди.

“Бул биздин колубуздан келбей турган жумуш. Себеби биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинин астында дары менен камсыздоо департаменти бар. Ал бөлүм бизге көрсөтмө берет, […] анан ошол боюнча иштейбиз”,-деп айтты “Неман-фарм” компаниясынын жетекчиси Мырзабек Асанканов.

Айыл тургундары бир илдетке кабылса медициналык дары-дармектерден сырткары дары чөптөр менен да даба тапкан учурлар кездешет.

Гүлназ Сарыбаева аш казаны ооруп дүкөндөн дары таппай чөп менен дарыланган.

“Аш казаным ооруганынан. Дүкөндө дары-дармек табууга такай деле мүмкүнчүлүк жок. Анан чөп дары колдонуп [айыккамын]”,-деди айыл тургуну Гүлназ.

Автор: Жеңиш Таштанбек уулу