Токтоян: Мектепте "Күз берекеси" сынагы өткөрүлдү

2481

image

№18 Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинде «Күз берекеси» сынагы болуп өттү. Анда 1ден 11-класска чейинки окуучулар жашылча-жемиштерди алып келип көргөзүштү.

image

Сынакта мыкты жасалгалар үчүн орундар берилди.

image

image

image

«Конкрус  аябай жакшы өттү. Окуучулар да активдүү катышты»,—деди мектептин завуч организатору Алиман Шаршалиева.

image

«Бул жылда өтүп туруучу конкрус. Быйыл дагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Окуучулар өзүлөрүнүн фантазиясы менен таң калтырышты»,—деген ою менен бөлүштү мектеп директору Калык Албанов.

image

Окуучулар сынакка даярдап келген жасалгалары боюнча мындайча ой бөлүштү.

image

«Мен бул бийлеп жаткан кызды роза гүлүнөн жасадым. Бул идеяны мага эжейим сунуштады»,—деп айтып берди 9-классынын окуучусу Адина Осмонова.

10-классынын окуучусу Гүланда болсо күрүчтөн жасаган чыгармасы боюнча мындай деди.

image

«Бул жасалганын темасы ак куулар. Ак кууларды күрүчтөн жасадым»,—деди 10-класстын окуучусу Гүланда Ибраева.

Автор: Гүлжан Нуркасым кызы