Ооган-Талаа: Жаңы окуу жылы жаңы үмүттөр менен башталды

867

Ооган-Талаадагы №17 орто мектебинде эмгектенген Райкан Сатымкулова жаңы окуу жылына жаңы дем, чоң үмүт менен киришти. Ал башталгыч класстарга сабак берет.

image
Райкан Сатымкулова окуучулары менен

«Бул окуу жылында өзүмдүн классым менен биргеликте бир топ ийгиликтерди жаратууну максат кылып койдум»-, деп билдирди Райкан Сатымкулова.

Мектептин 9-классынын окуучусу Абдуали кызы Оматай билим күнүндө алгачкы сабагы иштерман жылына арналганын белгиледи.

image
Абдуали кызы Оматай

«Бул сабактын негизги максаты бизди патриоттуулукка, иштермандыкка жана ыймандуулукка тарбиялоо экенин байкадык»-, деди Оматай.

11-классынын окуучусу  Надирбек уулу Адилет болсо бүтүрүүчү катары мектепке өз салымын кошуп кетүү боюнча оюн төмөндөгүчө бөлүштү.

image
Надирбек уулу Адилет

«Биз бүтүрүүчү  катары бул жылы мектепке бир нече инвентарларды алып, машыгып аны өзүбүздөн кийинкилерге белек катары калтырып кетели деп чечтик»

Автору: Эркинбекова Айсулуу